65 млн сом мультфильм тартууга бөлүндү
Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков: “Кыргыз анимациясы өнүгүшү керек”

– Кыргыз анимациясын өнүктүрүүгө жана кыргыз тилин жаңы деңгээлге чыгарууга жетиштүү талант, идея жана күч бар. Кыргыз анимациясынын келечеги кең. Кыргыз анимациясы өнүгүшү керек. Аны бирге курууга болот. Мамлекет Башчысы бөлгөн каражат чоң колдоо. Салыштырып айтсам, буга чейин жалпы кинематографияга 50 млн сом бөлүнүп келген. Бүгүн болсо бир гана ата мекендик мультфильмдерди тартууга акча каралды. Алдыда, министрлик менен биргеликте улуттук баалуулук, маданиятыбыз камтылган балдар контентин жаратууга сынак жарыяланат.
Айбек Дайырбеков режиссёр: “Жылына 50, 100 саат мультфильм тартуу зарыл”

– Ата мекендик өндүрүштөгү мультфильмдер тартылышы керек. Анимациясы өнүккөн өлкөлөрдө мультфильм жыл сайын 100 сааттан жогору тартылат. Бул жаатта Россиянын жылдык көрсөткүчү 200 саатка жетет. Аларда балдар көп көргөн, хит болгон 500дөн ашкан сериялдуу мультфильмдер көбөйдү. Айталы, Россиянын “Смешарики”, “Три кота”, “Барбоскины” сыяктуу мультфильмдеринин көрүүчүлүлөрү арбын. Мисалы, Кыргызстанда жылына 50, 100 саат көлөмдөгү кыргыз тилинде мультфильм тартылса мыкты көрсөткүч болмок.
Мультфильм жаратуу принциби өзгөрдү
— Мисалы, 3 же 4 жаштагы балдарга “мен сага үйрөтөм”, — деп видео тартып көрсөтсөк алар көрбөйт дагы, үйрөнбөйт. Балдарга “кел ойнойбуз” деп башталса, бала аны ойноп отуруп көрөт. Биз акыркы долбоорлорубузду ушул принципке өткөрүп жатабыз. Бир күндө бала жок дегенде 20 мүнөт видео көрүшү мүмкүн. Балдар бир мультфильмди кайталап 10 жолу көрө алат, бирок 100 жолу көрбөйт. Андыктан жаңы эмгекттерди жаратуу маанилүү. Дүйнөдө мультфильм жаратуу принциптери өзгөрүп турат.
Биздин өлкөдө сериалдуу мультфильмдердин тартылып башталганына аз эле убакыт болду. Биз биринчиден технология жагынан уттурабыз. Ар бир жашка ылайыктуу мультфильм тартылышы керек. Мисалы, кичинекей балдар үчүн жөнөкөй сюжеттер, ырлар менен коштолуп мультфильм тартылган видеолор керек. Ал эми 12, 14, 16 жаштагыларга өзүнчө мультфильмдер тартылышы кажет. Анткени, бүгүн бизде эле эмес, дүйнөдө өспүрүм курактагыларга мультфильм жаратуу кыйын болуп калды. Мисалы, 3, 4, 5 жаштагы балдардын көрүп жаткан видеолорун ата-энеси көзөмөлдөй алат. Ал эми 14-16 жаштагы балдарды көзөмөлдөө оорураак. Азыр баарында ютуб жеткиликтүү болуп калды. Акыркы кезде өспүрүм курактагылар документалдуу кинолорду көбүрөөк көрүп калышты. Андыктан, өспүрүм куракка мультфильм тартуу, контент түзүү маселелерин биздин мамлекет да ойлонушубуз керек. Балдарыбыз кыргызча мультфильм көрсүн десек, анда кыргызча тартылган мультфильмдердин көлөмүн көбөйтүү зарыл.
Адистер жетишсиз
– Бизде профессионалдуу мультфильм тарткан, жогорку окуу жайды бүтүргөн адистер аз. Айрым авторлор мультфильм тартышат, бирок алардын көпчүлүгү эл аралык фестивалдарга багыт алышат. Ал эми балдар үчүн тартайын, өз өмүрүн, чыгармачылыгын арнаган адистер аз санда. Сценарий жазуу оңой иш эмес. Сценаристтер да өтө аз. Мультфильм тартууда балдар дүйнөсүнө кирип, ойноп, бардык маселени балдардын көзү менен көрөбүз. Биздин тарткан алгачкы мультфильм “Ляля бум бум” 23 сериядан турат. Ага сценарий жазгандардын бири Москвадан окуп келген Токтобек Үсөнов, музыкасын Эрнис Абдыжапаров жазып берген. Андан кийин “Козулар” мультфильмин тарттык. “Козулар» мультфильминин көрүүчүлөрү 2 миллионго жетейин деп калды. Учурда 52 сериялдуу мультфильмди 6 сценарист жазып жатат. Биз бул жолу эл аралык чоң тажрыйбасы бар атайын адистерди консультант кылып, айлык төлөп берип, алардан жаңы нерселерди үйрөнүп жатабыз.
Мультфильмде тил, дил да камтылат
– Албетте, мультфильм тартуунун жанында дубляж кошо жүрөт. Дубляж бул бир тилден экинчи тилге которуп, түп нускадагы үндөрдү башка тилге үн фонограммасы менен алмаштыруу процессин айтабыз. Бирок, дубляжга басым жасалып кетпеш керек. Дубляждын жалпы көлөмү 30-40%ды гана түзүш керек. Көлөмү жагынан кыргызча тартылган мультфильмдеринен ашпашы зарыл деп эсептейм. Дубляждын биздин мультфильмдерге таасири тийбеши керек. Өзүбүз тарткан мультфильмдин көлөмү көп болуусу маанилүү. Анткени, мультфильмде бир гана тил гана эмес, анда маданият, дил, салтыбыз камтылат. Негизи өлкөдө дубляж иштерин толугу менен “Коомдук каналга” бериш керек деп ойлойм. Анткени, аталган телеканал “Боёкчолор” деген мультфильмди жакшы которушту. Анын сапаты да мыкты болду. Биздин өлкөдө жыл сайын дүйнөлүк деңгээлдеги бир мультфильмди которушса бул жакшы көрүнүш. Мультфильмди өзүбүз мамлекет чыгарганы жакшы. Бишкекте жападан жалгыз Куурчак театры бар. Ага барган жаш көрүүчүлөрдүн саны аз. Мисалы, мурда Коомдук каналдын алкагында балдар радиосу иштечү эле. Учурда “Баластан” телеканалы иштеп жатат. Анын контенти аз, ага байланыштуу программалар кайра-кайра кайталынып коюлуп келет. Негизинен балдарга багытталган медианы өнүктүрүү мезгил талабы. Ал эми сапаттуу мультфильмди чыгарыш үчүн өлкөдө профессионалдуу командалар, заманбап студиялар зарыл. Ошондо гана биз кичинекейлердин талаптарын аткара алабыз. Аниматорлор, мамлекет да бир максатты көздөп, жаңы мультфильмдерди чыгаруу аракеттерин күчөтүү зарыл.
Мээрим Бактыбек кызы