"Эркин-Тоо"

ИШ ЖУМА / 2024-ЖЫЛДЫН 17-МАЙЫ

МАЛАЙЗИЯНЫН ӨНҮГҮҮ МОДЕЛИ БААРЫБЫЗГА ҮЛГҮ

Президент Садыр Жапаров менен Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагимдин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү болду.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана келечегин, өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүү боюнча чараларды талкуулашты.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүндө Малайзия экономикасынын өнүгүүсүнүн модели жана ар тараптуу социалдык экономикалык жетишкендиктери «Азия жолборсу» наамына татыктуу болгондугун белгилеп, Малайзиянын өнүгүү модели биздин аймак үчүн көрүнүктүү үлгү катары болорун билдирди. Кыргызстан да келечекте өзүнүн өнүгүү жолунда «Борбордук Азиянын илбирси» болоруна тилектеш экенин айтты.

МАДАНИЯТЫБЫЗ МЕНЕН УЛУТПУЗ

Президент Садыр Жапаров жана Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында анын өлкөгө жасаган расмий сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Өлкө лидерлерин төкмө акындар, “Алп” баатырлар жана улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты. Кол өнөрчүлөр аллеясын бойлото басып, эки өлкө лидерлери көчмөн элдин өзгөчөлүгү чагылдырылган боз үйлөрдүн инсталляциялары, кыргыз элинин улуттук каада-салттары жана маданияты, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда уникалдуу буюм-тайым жасап жаткандары менен таанышты, ошондой эле жогорку даражалуу коноктор жергиликтүү тамак-аштардан даам татышты.

Этномаданий программанын алкагында Ч.Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин жана Н.Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак марал” бий ансамбли концерт тартуулады. Ошондой эле «Аталар изи» кыргыз улуттук кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү көрсөтүлүп, бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда «салбуурун» салттуу мергенчилигинин элементтери көрсөтүлдү.

АВСТРИЯ МЕНЕН АЛАКА-КАТЫШ КЕҢЕЙЕТ

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Австрия Республикасынын Улуттук Кеңешинин Төрагасы Вольфганг Соботка менен жолугушуп, эки мамлекетинин ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Жолугушууда экономикалык багыттагы кызматташтык тууралуу сөз болуп, Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан айыл чарба, энергетика, туризм, билим берүү, транспорт, санариптештирүү өңдүү тармактар боюнча Австрия мамлекети менен кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи. Айрыкча Кыргыз Республикасы энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ экендигин билдирип, болгон мүмкүнчүлүктү өнүктүрүү үчүн австриялык инвесторлорду кызматташууга чакырды.

МИЛДЕТТЕР ТАК АТКАРЫЛЫШЫ КЕРЕК

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын райондук мамлекеттик администрация башчылары–акимдерди, облустук маанидеги мэрлерди жана Бишкек шаарынын муниципалдык райондук администрация башчыларын кабыл алды.

      Анда жүргүзүлүп жаткан өлкө айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимдеги административдик-аймактык реформанын жыйынтыктары берилишин, ошондой эле өлкөдө регионалдык деңгээлдеги “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун жана “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушу сыяктуу масштабдуу долбоорлордун ишке ашырылышында жергиликтүү мамлекеттик органдарга тиешелүү милдеттер так аткарылышын белгиледи.

ТАРЫХЫЙ САПАР КЫЗМАТТАШУУНУ ЖАНДАНТАТ

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугуп, эки өлкөнүн ортосундагы көптөгөн тармактарда кызматташуунун олуттуу потенциалын белгиледи.

Атап айтканда, энергетика, транспорт, айыл чарба, логистика, телекоммуникация, өнөр жай, каржы, халал индустриясы, тоо-кен өндүрүшү, маалымат технологиялары, туризм жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнүн чоң келечеги бар. Андыктан малайзиялык инвесторлорду энергиянын кайра жаралуучу булактары, тоо-кен өнөр жайы, жеңил өнөр жай, халал сертификаты жаатында кызматташууга, IT тармагында, билим берүү тармагында кызматташууга чакырды.

БООРДОШТОР МЕНЕН БИРГЕБИЗ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) президенти Серкан Каялар менен жолукту.


Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашты. Эдил Байсалов Түркия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, Түркия Республикасы менен болгон кызматташтык жылдарында саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, социалдык жана башка тармактарда маанилүү долбоорлорду ишке ашырганын айтты.

“БЕДЕЛ” ӨТКӨРҮҮ ПУНКТУ АЧЫЛАТ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик органдардын жана кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жеринде ведомстволор аралык кеңешме өткөрүп, анда Ысык-Көл облусундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышына байланыштуу маселелерди талкуулады.


Жумушчу топ «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдын ала жайгашкан жерлерин, ошондой эле чек ара жана бажы көзөмөлүнүн объектилерин карап чыкты. Мындан тышкары, Барскоон-Учтурфан-Аксуу автожолунун курулушунун маршруту жана бул объектилердин толук кандуу иштеши үчүн тийиштүү инфраструктураны куруу маселелери талкууланды.

БИЛИМ ЖААТЫНДАГЫ БААРЛАШУУ

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы” китебинин автору, Мектеп директорлорунун эл аралык ассоциациясынын жетекчиси, билим берүү боюнча алдыңкы эл аралык консультант Ари Покканы кабыл алды.


Акылбек Жапаров мектептерде билим берүүнү трансформациялоо боюнча «Алтын Казык» программасы тууралуу айтып берип, «Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» деген аталыштагы китеп, өлкөдөгү мектеп жетекчилерине жана мугалимдерине жакшы таасирин тийгизээрине үмүт артты.

ИТАЛИЯДАН ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Италия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары, Италия Республикасынын Парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты, Тышкы иштер министринин орун басары Эдмондо Чириелли жетектеген италиялык делегацияны кабыл алды.

Тараптар саясий диалогду бекемдөөгө, анын ичинде жогорку деңгээлдеги байланыштарды уюштурууга, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттырууга басым жасоо менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

 

Зулпукаар САПАНОВ

№37 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 17-майы

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!