9-сентябрь — комуз күнү

8-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Маданият 45

Бул күнү борбор калаабызда «Таңшы комуз» аталышта атайын иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара Коомдук телеканал менен биргеликте уюштурулуп, Токтогул Сатылгановдун айкелинин жанында өткөрүлөт. Буга Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатынын «Акак» комузчулар ансамбли, П.Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары жана белгилүү комузчулар катышмакчы. Маданият,тарых, тил телеканалынан түз эфирде көрсөтүлөт. Белгилей кетсек, 2019-жылдын 9-сентябры комуз күнү деп белгиленип, ошондон бери салттуу уланып келет.

8-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Маданият 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X