Аңчылык сезону башталды

18-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 29

Мергенчилерге 800дөй кайберен атууга уруксат берилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетти билдирди. Маалыматка таянсак, аңчылык сезону 14-августта башталып, октябрь айынын этегине чейин созулуп, декабрдын акыркы жумасында токтойт. “Кызыл китепке” кирген жаныбарларга аңчылык кылууга уруксат жок. Жыл сайын Кыргызстанда аңчылык кылууга 700 баш тоо теке, 120 аркар-кулжа жана 60дай каман атууга лицензия берилет. Тоо текени атууга уруксат алыш үчүн кыргыз жарандары 10 миң сом, чет элдиктер 100 миң сом төлөйт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X