"Эркин-Тоо"

А.Жапаров: «Акыркы 10 жылда Кыргызстан контрабандачылар үчүн бейишке айланды»

Акыркы 10 жылда Кыргызстан контрабандачылар жана салык төлөбөгөндөр үчүн бейишке айланды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу, КР Президентинин Администрация жетекчиси Акылбек Жапаров парламенттин жыйынында билдирди.

«Салыктар жана чегерүүлөр пенсия жана жөлөк пулдарды төлөөгө жумшалат. Бирок, ишкерлер муну эске алышпайт. Акыркы 10 жыл  Кыргызстан контрабандачылар жана салык төлөбөгөндөр үчүн бейишке айланды», — деди ал.

Жапаровдун айтымында, Кумтөрдөн төлөнө турчу салыктар дагы бюджетке толугу менен түшкөн эмес.

«Кумтөр 236 миллион доллар өлчөмүндөгү салыкты төлөгөн эмес. Бул акчалар аткаминерлердин чөнтөктөрүнө түшүп турган. Эми мындай болбойт. Конституцияда так жазылган, ишкерлик менен алектенген ар бир жаран мамлекеттик казынага салык төлөшү керек», — деди ал.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!