Абай салып, айырмасын бил!

29-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 27

Акыркы убактарда өлкөдө турак жай кооперативдери пайда болуп, кызматын элге ачык сунуштоого өтүшкөн. Алардын басымдуу бөлүгү каржылык пирамида аркылуу ишмердүүлүгүн жүргүзөөрү белгилүү болууда. Андыктан экономика илимдеринин доктору, каржы жана кооперациялар жаатындагы эксперт Кубан Чороев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында чыныгы турак жай кооперативин каржы пирамидасынан кантип айырмалаш керек экенин айтып берди.

Анын айтымында чыныгы кооператив демократиялык башкаруу формасына ээ. Анда башкаруу органдары болот. Кооперативдин башкаруу, кеңеш, ревизиондук комиссиясы кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы жыйынында тандалат. Чыныгы турак-жай кооперативи эч качан турак жай алуу убактысына кепилдик бере албайт.

Эгер кооператив белгилүү бир мөөнөттө турак жай алууга кепилдик берип, аны келишимде көрсөтсө, анда бул 100% каржы пирамидасы. Ал эми каржы пирамидасы орточо 2 жыл аралыгында жок болуу коркунучуна кептелет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X