"Эркин-Тоо"

Абдулла ТАШИЕВ: “Кыргызстанда сатылган көчөттөрдүн 90 пайызы чет өлкөдөн келет”

 

— Абдулла Ташиевич, жаздын келерине аз эле убакыт калды. Менимче азыр көчөттөрдү сатыкка даярдоо иштери жүрүп жатса керек. Окурмандарыбызга көчөт тандоодо жаңылып калбашы үчүн кандай кеңеш берет элеңиз?.

— Бак отургузуу иштери Кыргызстанда жакынкы 15 күндүн аралагында башталат. Андыктан сиз мага эң туура учурда кайрылдыңыз. Биз кыргыздар ар бирибиз өзүбүздү багбан сезебиз. Көчөттү алып барып отургузуп койсок эле көктөп кетет деген ойдо жүрөбүз. Бирок, бул маанилүү иш. Ага кылдаттык менен мамиле кылбасак бир көчөттү отургузуп, анын көктөшүн күтүп отурганча бир жыл убакытты коротобуз. Айрымдар сапаты начар көчөт сатып алып, эки-үч жылды уттуруп жиберишет. Ошондуктан бакты көрктөндүрүүдө көчөттүн сапатына карап алууну үйрөнүшүбүз зарыл.

— Кыргызстанда сатылган көчөттөрдүн көбү чет жактан алынып келинет деп уктум. Ушул маалымат туурабы?

— Ооба, Кыргызстанда сатылган көчөттөрдүн 90 пайызы чет өлкөлөрдөн алынып келинет. Ал эми 10 пайыз көчөт өзүбүздө өстүрүлөт. Акыркы 27 жылда биздин эл Өзбекстандан мыйзамсыз жол менен ташылып келинген көчөттөрдү отургузуп келди. Жылына коңшу өлкөдөн 100 млн көчөт алынып келинчү. Бирок, көчөттүн сапаты начар болгондуктан бизде өспөй кайра эле келерки жылда жаңысын отургузуп, чыгым тартып келгенбиз. Азыр байкап көрсөңүздөр Кыргызстанда бак аз. Эмне үчүн? Бул бизге ташылып келген көчөттөрдүн сапатынын начардыгынан кабар берет. Эгер көчөттөр сапаттуу болгондо өлкөбүз мөмөлүү бакка айланмак. Акыркы 4 жылда Сербиядан көп көчөт алынып келинди. Ал жакта фитосанитария жок болгондугуна байланыштуу сапаты начар болду. Бактериалдык күйүк ошол сербиялык көчөттөр менен кошо келди. 2019-жылдан баштап гана абал оң жолуна түшө баштады. Азыр 90 пайыз көчөт Түркиядан алынып келинүүдө. Бактыга жараша мына ушул көчөттөр биздин жерге ылайыкташтырылган болуп чыкты. Андан тышкары Польшадан, Германия, Италиядан да көчөт алынып келинүүдө.

— Көчөт тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?

— Биринчи кезекте анын ден соолугуна көңүл буруңуздар. Сырттан келген көчөттөрдүн сертификаты болот. Анда өсүмдүктүн вирустук зонадан тышкары экендигин аныктаган белгисинин болушу абзел. Сиздер өсүмдүктү сатып алып жатканда тартынбай эле сертификатын сураңыздар. Майда чач сыяктуу көп жана күчтүү тамырлуу көчөт жакшы көктөйт. Көчөттүн жашы да маанилүү. Бир жылдык көчөт алып алсаңыз дагы бир жыл анын жерге калыптанып, өсүүсүнө убакыт кетет. Эки жылдык көчөт келерки жылы мөмөсүн бере турган болот. Эгер акчаңыз көп болсо, карлик тибиндеги бак отургузуңуз. Каражат тартыш болсо жарым карлик бак тигүүнү сунуштайм. Механикалык бузулууларына да көңүл бөлүңүздөр. Эгер өсүмдүктүн бир жери сынып же сыйрылып кеткен болсо, ал куурап калышы мүмкүн. Муздаткычта сакталган көчөт алганыңыз жакшы. Анткени муздаткычта сакталбаган көчөт жай саратанда куурап калышы мүмкүн. Сиз алгач өзүңүз үчүн кайсыл учурда мөмө алгыңыз келерин аныктап алыңыз. Эгер мөмөсү эрте бышкан же кеч бышканын тандасаңыз пайдасы көп болот. Жайдын ортосунда мөмөсү бышкан бактан пайда аз. Анын мөмөсүнөн кыям жасап, как гана кыла аласыз.

— Бакты кайсыл мезгилден баштап отургуза берсе болот?

— Кыргызстанда көчөт отургузуу мезгили 15-февралдан 15-июнга чейин созулат. Мисалы, Лейлек районунда 15-февралда башталат. Баткенде 25-февралдан тарта отургузулат. Март айында Ош облусунун багбандары ишке киришишет. Апрель айында Токтогул, Талас облусунда, Бишкекте багбанчылыкты баштай берсеңиздер болот. Ал эми Ысык-Көлдүктөр, Нарындыктар 15-июнга чейин отургузушат.

— Сырттан ташылып келген көчөттөр дароо эле тамыр алып кетеби же куурап калгандары да болобу?

— Иштин ийгилиги сиздин көчөт тандооңузга байланыштуу болот. Айрым питомник, фирмалардын көчөттөрү 99 пайыз көктөп кетет. Эгерде сиз Өзбекстандын, Тажикстандын, Россиянын көчөттөрүн алсаңыз, алардын баары кургап калышы мүмкүн.

— Көчөттү кантип отургузуу керек?

— Көчөттү отургузууда алгач жерди даярдап алсак жакшы болот. Кыргыздар көбүнчө тереңдиги, диаметри 30 см болгон чуңкурча казып, отургузабыз. Мындай учурда тамыр кысылып калат. Эң аз дегенде тереңдиги 60 см болушу кажет. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, чуңкурчанын тереңдигин, диаметрин бир метр кылып казыңыздар. Жер ак топурак болсо, биогумус аралаштырып туруп көмүп коюш керек. Бак отургузгандар менин жерим кумдуу, таштак, сары топурак деп айта беришет. Бирок, бардык жерге бак отургузса болот. Суу маселесин чечсеңиздер топурак көйгөй эмес. Топуракты казып алып таштап, тоонун кара топурагына биогумусту аралаштырып салып койсоңуз болот.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№7 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 31-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!