"Эркин-Тоо"

Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби каттамы ушул жайда иштеп баштайт

Ушул жайда Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби багытында аба каттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аба каттамдарын ачуу Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) долбоорунун алкагында Кыргызстандын өкмөтүнүн колдоосу менен “Манас” эл аралык аэропорту ААК жана “Wizz Air Abu Dhabi” авиакомпаниясынын аракеттеринин негизинде мүмкүн болду.

«Жакынкы арада Абу-Даби – Ош – Абу-Даби багыты боюнча да аба каттамын ачуу пландалып жатат»,- деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Туризм департаменти аба каттамдары 2022-жылдын күзүндө ачыла турганын билдирген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!