Ачык кабинет: Журналисттер Агартуу министрлигинин «Бөбөктай» балдарды эрте өнүктүрүү борбору менен таанышты

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 173

Бүгүн, 3-июнда, «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы «Бөбөктай» балдарды эрте өнүктүрүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Маалыматка ылайык, аталган борбор 2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын демилгеси менен министрликтин кызматкерлеринин мектепке чейинки курактагы балдары үчүн ачылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө журналисттерге борбордун түзүлүү тарыхы, ишмердүүлүгү жана балдар үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берилди. Министр Догдуркүл Кендирбаева борборду ачуу идеясы кызматкерлердин балдары үчүн ыңгайлуу шарт түзүү зарылдыгынан улам жаралганын белгиледи.

«Мен министр болуп келген биринчи күнү балдары менен жумушка келген кызматкерлерди көрүп, ушул ой жаралган. Мамлекеттик кызматта иштегендердин жумуш күнү дайыма эле белгиленген убакыт менен чектелбейт. Ошондуктан ата-энелер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү», — деди министр.

«Бөбөктай» борборунун негизги максаты — кенже курактагы балдардын өнүгүүсүнө шарт түзүү, эрте өнүктүрүү кызматтарын көрсөтүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында натыйжалуу тажрыйбаны жайылтуу болуп саналат.

Белгиленгендей, мындай борборлорду мамлекеттик мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда уюштурууга мүмкүн. Бул кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, үй-бүлөгө багытталган иш чөйрөсүн калыптандырууга өбөлгө болот.

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 173
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X