Адель Жоомартова: 192 МИҢ ЖАРАН АРЫЗ БЕРДИ

15-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 129

“Бала ырысы” жөлөкпулу боюнча КРнын Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция  миграция министрлигинин  Социалдык төлөмдөр башкармалыгынын башкы адиси Адель Жоомартова менен баарлаштык.

Адель айым, жакынкы күндөрдө балдары 3 жашка чыга элек ата-энелерге “Бала ырысы” ар айлык  жөлөкпулу берилди.  Бул төлөмдөр канча балага берилди? Дегеле жаңы жөлөк пулду ишке киргизүү иштери кандай өттү?

— Үстүбүздөгү жылы  өлкөдө биринчи жолу Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Бала ырысы» программасы негизделип, ишке киргизилди. Буга чейин атайын мыйзам иштелип чыгып, токтом кабыл алынып, программа мыйзамдык жактан бекемделген. Ага ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан тартып жарандардан арыздарды кабыл ала баштаганбыз.  Учурда арыздар эки жол менен кабыл алынууда. Биринчиси — «Түндүк» тиркемеси аркылуу электрондук түрдө. Мындан тышкары, министрликтин аймактык башкармалыктарына кагаз түрүндө да тапшырса болот. Арыз ээсинен паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, жеке идентификациялык номери, банктык эсептин реквизиттери жана бала менен энесинин чогуу жашагандыгы тууралуу маалымат талап кылынат. Мына ушундай  милдеттерди аткарган 192 миң жарандан арыз келип түштү. Анын 83 пайызы «Түндүк» тиркемеси аркылуу берилсе, 17 пайызы кагаз түрүндө тапшырылган. Бул жарандардын санариптик форматка артыкчылык берерин көрсөтөт. Жарандарыбызга болушунча ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Берилген арыздардын негизинде үч жашка чейинки балдардын 45 пайызы камтылды. Ошол эле учурда жөлөк пул алуу үчүн кайрылуулар дагы деле кабыл алынууда. Министрликтин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, «Бала ырысы» программасы 440 миңден ашуун баланы камтышы күтүлүүдө. «Бала ырысы» жөлөк пулун берүүгө республикалык бюджеттен 235 миллион 700 миң сом жумшалды. «Элдик Банк» акча каражаттарын жарандардын банктык эсептерине которду. Бүгүнкү күндө жөлөк пул алуучулардын 99 пайызы акчаларын алышты. Ал эми калган бир пайызы каражаттарын ала албай калышкан. Буга жарандардын банктык карталарынын бөгөттөлүшү же мөөнөтүнүн өтүп кетиши себеп болгон. Эми жарандар банк менен маселени тактап, каражаттарын ала алышат.

Программага катталууда ата-энелерде техникалык мүчүлүштүктөр болуп жатканы тууралуу билдирүүлөр болгон. Төлөмдөрдү жүргүзүүдө кыйынчылыктар жаралган жокпу?

— Ооба, арыз тапшырууда бир аз техникалык мүчүлүштүктөр болуп жатты. «Түндүк» ачык акционердик коому менен биргеликте катталган кыйынчылыктарды тез арада жоюуга аракет кылдык.

«Бала ырысын» берүүдө арыздарды артка кайтарган учурлар болдубу?

— “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөк пулу бар. Бул төлөмдү алгандар «Бала ырысын» ала алышпайт. Андыктан аталган аймакта жашаган жарандардын айрымдары бул төлөмдөн баш тартышты. Кээ бир арыз ээлеринин бала менен чогуу жашабай тургандыгы аныкталды. Айрым жарандардын паспортунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жөлөк пул берилбей калды. Негизинен, жалпы арыз бергендердин 23 пайызынын арызы кабыл алынган жок. Айрым жарандарыбыздын санариптик документтери даяр эмес болсо, башкалары документтер кагаз түрүндө тапшырыларын билбей калышкан. Биздин министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн адистери атайын даярдыктан өтүшкөн. Эгер кимдир бирөө арызын тапшыра албай жатса, адистерге кайрылса, адистер жардам беришет. Же документтерди кагаз түрүндө эле кабыл алышат.

Бир үйдө эки же үч бала болсо, алардын баары жөлөк пул алыштыбы?

— Ооба. Эгер жаран ар бир баласына өзүнчө арыз тапшырган болсо, алардын баарына жөлөк пул берилет. Мисалы, эгиз балдары бар болсо, аларга бир гана арыз тапшырылса, бир балага гана жөлөк пул берилет. Экөөнө тең жөлөк пул алуу үчүн өзүнчө арыз тапшыруу зарыл. Бизде атасы менен баласынын каттоосу бир жерде, ал эми энесинин катталган жери башка болгон учурлар да кездешти. Мындай учурларда да арыздар четке кагылат. Анткени, арыз берүүчү эне болсо, бала аны менен бир үйдө жашоосу шарт. Эгер баланын атасы менен каттоосу бир жерде болсо, арызды атасы тапшырышы керек.

 

Канайым Абдиназир кызы:

— Менин 4 балам бар. Үчүнчү кызымдын 3 жашка чыкканына 1 ай болду. Андыктан ага арыз тапшыра албай калдым.  Ал эми эң кичүүсү 2 жашта.  Ошол кызыма “Түндүк” тиркемеси аркылуу арызымды тапшыргам. Айдын башында жеке эсебиме 1200 сом түшүптүр. Баланын памперсине, дагы бир аз кем-карчына акча жетти.  Кубанып калдым. Бул колдоого ыраазы болдум чынында.

Назгүл Бекболсунова:

— 3 баланын энесимин. Үчүнчү перзентим ушул жылдын февраль айында жарык дүйнөгө келген. Тилекке каршы паспортумдун мөөнөтү бүтүп, “Бала ырысы” төлөмүн ала албай калдым. Документим даяр болору менен арыз тапшырайын деп турам. Мамлекеттин колдоосу бизге стимул. Айрыкча 3 жашка чейин 2, 3 баласы бар үй-бүлөлөр үчүн чоң жөлөк. Жок дегенде памперсине жетчү каражат алат экенбиз.

 

Жазгүл Кенжетаева

 

P.S.  Бул макала Кыргыз Республикасынын Маданият , маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин “Социалдык заказ” долбоорунун алкагында “Үй-бүлө институту” темасы боюнча “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезити тарабынан даярдалды.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X