Адилет Орозбеков экологиялык адилеттүүлүк боюнча IV жылдык конференцияга катышты

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Кыргыз Республикасынын судьяларынын «Туруктуу өнүгүү максаттарынын контекстиндеги экологиялык адилеттүүлүк: эл аралык экологиялык стандарттар жана Кыргыз Республикасынын улуттук ыкмалары» аттуу Төртүнчү жылдык конференциясына катышты.

Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Конференциянын ишине Жогорку жана Конституциялык соттордун төрагалары, Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле илимий жана эксперттик коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Конференциянын жүрүшүндө эл аралык жана аймактык алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүлүп, учурдагы экология чөйрөсүндөгү адилеттүүлүктүн механизмдери талкууланды.  Возможно, это изображение костюм
Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков өз сөзүндө өлкөбүздүн бүгүнкүсү гана эмес, келечеги да мамлекеттин экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын жагымдуу чөйрөгө болгон укуктарын коргоо жана экологиялык адилеттүүлүк механизмдерин өркүндөтүү деңгээлине жана мүмкүнчүлүгүнө көз каранды экендигин белгиледи. Өзгөчө табигый экосистемалары бар Кыргыз Республикасы үчүн айлана-чөйрөнү коргоо маселелери стратегиялык мааниге ээ болуп эсептелет. Бул шарттарда сот системасына өзгөчө роль таандык болот. Соттук коргоо бузулган укуктарды, анын ичинде айлана-чөйрөгө зыян келтирилген учурларды калыбына келтирүүнүн чыныгы жана жеткиликтүү механизми бойдон калышы керек.

Соңунда Адилет Орозбеков Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун: “Сот системасы, бийликтин өзүнчө бутагы катары укуктук мамлекетте эң маанилүү компоненттердин бири болуп саналат. Эгерде ал калыс жана адилеттүү колдонулса, мамлекеттик бийликтин кадыр-баркы өсүп, элдин ишенимине ээ болот. Сот системасы жарандардын жана ишкерлердин конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга милдеттүү”, – деген сөздөрүн мисалга келтирүү менен жыйынтыктады.

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X