Адылбек Касымалиев: Бюджеттен бөлүнгөн ар бир сом элге кызмат кылышы керек
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага катышты.
Министрлер Кабинетинин башчысы Эсептөө палатасынын ардагерлерин жана кызматкерлерин мааракеси менен куттуктады.
«Рынок мамилелери өнүккөн сайын финансылык операциялар татаалдашып, ар бир сомдун эсебин алуу жана аны натыйжалуу пайдаланууну көзөмөлдөө өзгөчө мааниге ээ болууда. Бүгүн биз үч он жылдык бою дал ушул жооптуу миссияны аткарып келе жаткан өлкөбүздүн Эсептөө палатасынын 30 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз», – деди Адылбек Касымалиев.
Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоо текстин окуп берди.
«Эсептөө палатасынын тарыхы өлкөбүздүн эгемендүүлүк жылдарындагы өнүгүү жолу менен тыгыз байланышта.
Бүгүнкү күндө Эсептөө палатасы өлкөбүздө мамлекеттик аудитти жүзөгө ашырган жана мамлекеттик финансылык тартипти камсыз кылууда өзгөчө орунду ээлеген институт болуп саналат. Акыркы жылдары Кыргызстанда экономикалык өнүгүүнүн жаңы этабы башталды. Мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө, бүткүл өлкө боюнча ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор ишке ашырылууда. Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 1 трлн сомдон ашты, бул өз кезегинде мамлекеттик каражаттарды пайдалануу үчүн жоопкерчиликти жогорулатат. Мында бөлүнгөн ар бир сом элге кызмат кылышы керек. Мамлекеттик аудиттин башкы милдети дал ушунда», – деп айтылат куттуктоодо.
Куттуктоодо бүгүнкү күндө мамлекеттик аудитке карата талаптар мурда болуп көрбөгөндөй жогору экени белгиленген.
Бюджеттик каражаттардын кайда жумшалып жатканын текшерүү менен гана чектелбестен, алар мамлекетке жана элге кандай натыйжа алып келерин так көрө билүү зарыл.
Аудиттин натыйжалуулугу мамлекеттик башкарууда конкреттүү өзгөрүүлөр менен өлчөнүшү керек, ал эми иштелип чыккан сунуштар иш жүзүндө ишке ашырылышы зарыл.
Ошону менен бирге Эсептөө палатасынын көз карандысыздыгы, аудиторлордун объективдүүлүгү жана кесиптик принципчилдиги сөзсүз сакталышы керек.
«Ар бир корутунду мыйзамга, ишенимдүү далилдерге жана аудиттин эл аралык стандарттарына негизделиши керек. Биз мамлекеттик аудит жаатында жаңы деңгээлге чыгышыбыз керек. Кетирилген бузуулардын кесепеттерин жоюу менен гана чектелбестен, алардын келип чыгышын алдын ала билүүгө жөндөмдүү болушубуз зарыл.
Акыркы жылдары акселерациялык программалар аркылуу чечим кабыл алуунун ыкчамдыгы жана башкаруунун натыйжалуулугу жогорулап жатат. Эсептөө палатасы да бул өзгөрүүлөрдүн алдыңкы сабында болуп, тобокелдиктерди алдын ала аныктап, мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатууга көмөктөшө алган институт болушу керек.
Өлкөбүздүн экономикасы өнүгүп, бюджеттик мүмкүнчүлүктөр кеңейген сайын сиздердин алдыңыздарга жаңы милдеттер коюлат. Топтолгон тажрыйба жана кесипкөйлүктүн аркасында аларды татыктуу аткарасыздар деп ишенем», – деп белгиленген Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.