Адылбек Касымалиев Душанбе шаарына иш сапары менен барат

3-июнь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 4–5-июнь күндөрү Тажикстандын борбору Душанбе шаарына иш сапары менен барат.

Сапардын алкагында ал Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Жыйында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык багыттар боюнча маселелер талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынары күтүлүүдө.

Ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтүп, расмий документтерге кол коюлушу пландалууда.

3-июнь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X