Адылбек Касымалиев Финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлерин куттуктады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
«Урматтуу Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Көп жылдардан бери Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын финансылык жана экономикалык коопсуздугун камсыз кылуунун улуттук системасында маанилүү орунду ээлеп келет. Жогорку кесипкөйлүгүңүздөрдүн, компетенттүүлүгүңүздөрдүн, аналитикалык потенциалыңыздардын жана ишке жоопкерчиликтүү мамилеңиздердин аркасында сиздер кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүгө, финансылык ачык-айкындуулукту камсыз кылууга жана өлкөнүн финансылык системасынын туруктуулугун бекемдөөгө олуттуу салым кошуп келесиздер.
Кызматтын жыйырма жылдан ашуун убакытты камтыган басып өткөн жолу анын жамаатынын кесипкөйлүгүнүн жана өз ишине берилгендигинин далили болуп саналат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, чет өлкөлүк өнөктөштөр жана эл аралык уюмдар менен натыйжалуу кызматташып келген абройлуу мамлекеттик орган болуп саналат.
Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүнүн улуттук системасын мындан ары чыңдоодо Кыргыз Республикасынын Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун өз ара баалоосунун үчүнчү раундунан өтүшү өзгөчө мааниге ээ.
Бул процесс мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун баалоого, улуттук системаны мындан ары өркүндөтүүнүн багыттарын аныктоого жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдөөгө мүмкүндүк берген маанилүү этап болуп саналат. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жамаатынын кесипкөйлүгү жана биргелешкен иши бул этаптан татыктуу өтүүгө жана Кыргыз Республикасынын бул багыттагы эл аралык стандарттарга берилгендигин ырастоого мүмкүндүк берет деп ишенем.
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жалпы жамаатына бекем ден соолук, жаркын жашоо, ишиңиздерге ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалайм!».