Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы кызматынын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратына жаңы төрага Улан Кимсановду тааныштырды.
Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, ведомствонун жаңы жетекчисине бажылык башкарууну мындан ары өркүндөтүүнү, кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну жана ведомство алдына коюлган милдеттерди сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылууга туура келерин баса белгиледи.
Министрлер Кабинетинин башчысы жаңы төрагага жооптуу мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады.