Адылбек Касымалиев мыкты кызматкерлерди сыйлады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Министрлер Кабинетинин сыйлыктарын тапшыруу аземине катышты.
Салтанаттуу иш-чарада өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн бир катар тармактардын кызматкерлерине Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары жана Төраганын атынан ыраазычылык каттары ыйгарылды.
Сыйлыктар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата тапшырылды.
Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Адылбек Касымалиев сыйлык ээлерин куттуктап, алардын эмгеги мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым болуп саналарын белгиледи. Ал мамлекеттик кызматтын негизги максаты элге кызмат кылуу экенин баса белгилеп, мындай сыйлыктар келечектеги жаңы жетишкендиктерге дем берерине ишеним билдирди.