Адылбек Касымалиев социалдык коргоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

 “Урматтуу социалдык коргоо жана кесиптик бирликтердин кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Социалдык коргоо элибизде дайым болуп келген. Жакын туугандарга, бир атанын балдарына болгон камкордук элдин, уруунун жашоосунун  уланышынын негизги талабы экенин түшүнгөн көчмөн элибиз ынтымакты, ыймандуулукту, адамгерчиликти абдан жогору баалаган. Өткөн кылымда бул мамилелер трансформацияланып, коомдун мүчөлөрүнө жардам көрсөтүүдө мамлекет алдынкы планга чыгып, социалдык коргоо мамлекеттик саясатка айланып, пенсия системасы, жөлөкпулдар ишке киргизилген жана коомдо социалдык коргоо кызматкерлеринин өзүнчө катмары пайда болду.

Бул тармакта эмгектенүү адамга кам көрүүнү, боорукердикти, кайрымдуулукту жана жогорку жоопкерчиликти талап кылган өзгөчө миссия. Бул кесипти тандоо жөн гана кызматтык милдетти аткаруу эмес, адамгерчиликти, психологиялык туруктуулукту, өз ишине берилгендикти талап кылган жүрөк тандоосу. Сиздер улгайган жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, ардагерлерге, балдарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандарга колдоо көрсөтүп, алардын жашоосуна үмүт жана ишеним тартуулап келесиздер. Сиздердин мээрим, өзгөчө чыдамкайлык менен коштолгон эмгегиңиздер алкышка татыктуу.

Социалдык камсыздоо жана пенсиялык системаны өнүктүрүү, жакырчылыкты кыскартуу жана калктын аярлуу катмарларын колдоо пенсиялык камсыздоонун сапатын жогорулатуу, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү, санариптик технологияларды киргизүү жана жарандар үчүн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу боюнча аракеттер арбын болууда. Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун жетекчилиги астында бул багытта үзүрлүү иштер болуп, пенсиялардын, жөлөкпулдардын, эмгек акылардын өлчөмүн жогорулатууга шарт түзүлдү.

Социалдык коргоонун өзөгү эмгекчилердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо. Ушул максатта XVIII кылымдын ортосунда Англияда биринчи жолу пайда болгон жумушчулардын өз ара жардамдашуу уюмдары кийин революциялык күчтөрдүн бирине айланып, кесип бирликтери болуп түзүлүп, Бүткүл дүйнөлүк кесиптик бирликтер федерациясы да түзүлгөн эле.

Азыркы мезгилде экономиканын структурасы өзгөрүлүп, тейлөө кызматтарынын үлүшү кескин өсүп кеткенине, санариптештирүү баш болгон технологиялык процесстерге байланыштуу кесип бирликтеринин таасири күтүлгөндөн азыраак болгону менен алар коомдун өнүгүшүндө өзгөчө күч болуп кала берүүдө. Эмгекчилер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө кесиптик бирликтердин орду өзгөчө. Бул багыттагы биргелешкен аракеттер адилеттүү коомду курууга, эмгек адамдарынын кызыкчылыктарын коргоого жанаашыкча социалдык чыңалуулардан алыс болупсоциалдык туруктуулукту бекемдөөгө кызмат кылат.

Социалдык коргоо тармагындагы ар бир ийгиликтин артында өз ишине берилген, жоопкерчиликтүү жана кесипкөй адамдардын эмгеги турат. Сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр – мамлекеттин камкордугунун иш жүзүндөгү көрүнүшү, коомдун адамгерчилик баалуулуктарына берилгендигинин жана эч кимдин көңүл сыртында калбашы керектигинин айкын далили.

Социалдык коргоо системасынын өнүгүшүнө зор салым кошкон тармактын ардагерлерине терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин талыкпаган эмгек менен жетишкен ийгиликтер бүгүнкү муун үчүн өрнөк болуп саналат.

Алдыда социалдык коргоо системасын мындан ары өркүндөтүү, пенсиялык камсыздоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ар бир жарандын татыктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүү боюнча маанилүү милдеттер турат. Бул милдеттерди ишке ашырууга сиздердин тажрыйба, демилгелер жана кесипкөйлүк өбөлгө болот.

Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм! Эмгегиңиздер үзүрүн берип, жакшылыктарыңыздар адамдардын ыраазычылыгы, ак батасы менен кайтып келсин. Мекенибиздин өнүгүшүнө жана элибиздин жыргалчылыгына кошкон салымыңыздар ар дайым бааланып, алдыга койгон максаттарыңыздар ийгиликтүү ишке аша берсин!

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!”.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X