Адылбек Касымалиев Түндүк айланма жолдун курулушун көрдү
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында Түндүк айланма жолунун курулушу менен таанышты. 
Өкмөт башчы буга чейин Ысык-Көл облусунда болуп, андан соң тик учак менен курулуш жүрүп жаткан аймакка келди. Ага жол курууда колдонулуп жаткан асфальт материалдары, долбоордук карталар жана аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. 
Маалым болгондой, Түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Долбоордун алкагында жол 6 тилкеге чейин кеңейтилип, транспорттук түйүндөрдө 2+2 форматындагы тилкелер каралган. Ар бир тилкенин туурасы эл аралык стандартка ылайык 3,75 метр болот.
Учурда Алматы–Бишкек–Ташкент унаа жолунун 24,3 чакырымы жана Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда.
Долбоор боюнча жалпысынан 13 транспорттук түйүн курулат. Анын ичинен 11и жаңыдан салынса, экөө капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Ошондой эле көпүрөлөрдү кеңейтүү иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, бул тилкелерге жол чырактары орнотулбай турганы белгиленди. Бул чечим унаалардын тыгынсыз жана үзгүлтүксүз кыймылын камсыздоого багытталган. 
Жөө жүргүнчүлөр үчүн жер үстүндөгү өтмөктөр, туурасы 2,25 метр болгон тротуарлар жана заманбап жарыктандыруу системалары да каралган.
Белгилей кетсек, “Ачык кабинет” долбоору мамлекеттик органдардын күнүмдүк ишмердүүлүгүн ачык форматта көрсөтүүгө багытталган. Аталган долбоордун алкагында жетекчилердин таң эртеден кечке чейинки иш күнү элге түз көрсөтүлөт.