Адылбек Касымалиевдин Россияга болгон жумушчу сапары аяктады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына болгон жумуш сапары аяктады.
Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар актуалдуу маселелерди талкуулады. Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барып, иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.