Агартуу министри ЖРТдан эң жогорку упай алган бүтүрүүчүнү куттуктады

18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүчкө жетишкен бүтүрүүчү Айдай Абылаева менен телефон аркылуу байланышып, куттуктады.

Министр бүтүрүүчүнүн билимге болгон умтулуусун жана жетишкендигин жогору баалап, алдыдагы окуусуна жана кесиптик жолуна ийгиликтерди каалады. Ошондой эле өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган билимдүү, таланттуу жаштардын катары арта беришине тилектеш экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Айдай Абылаева Кочкор районундагы Н. Жундубаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү болуп саналат. Ал Жалпы республикалык тестирлөөдөн 239 упай топтоп, республика боюнча эң жогорку жыйынтык көрсөттү.

18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X