Агартуу министрлигинин аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл АКУЛОВА: “ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕПТЕРГЕ ЛИЦЕНЗИЯ БЕРҮҮ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮ”

— Бактыгүл Темирбековна, өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык мектептерден тышкары менчик мектептер иштейт. Буга чейин мектеп ачуунун түйшүгү көп болгондуктан, жылдап лицензия ала албай убара тартышчу эле. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында эмнелер жөнөкөйлөштү, кандай болуп өзгөрдү?

— Эң биринчиден тактап кетейин, мамлекеттик жана муниципалдык мектептер лицензияланбайт, лицензия жеке менчик мектептерге гана берилет. Бул багыттагы негизги бурулуш 2025-жылдын 4-августунда башталып, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан жеке менчик мектептерди ачууну жөнөкөйлөтүү боюнча «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке ашыруу тапшырмасы берилген. Бул программанын алкагында лицензия берүүгө тиешеси бар бардык мамлекеттик органдар – Агартуу министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Юстиция министрлиги жана Курулуш министрлиги биргелешип иштешти. Эң башкы жеңилдик – документтерди тапшыруу толугу менен санарип форматка өткөрүлдү. Мурда ишкерлер ар бир мекеменин эшигин карап айлап жүрүшсө, азыр баары бирдиктүү система аркылуу ишке ашат. Ашыкча бюрократиялык иш-чаралар толугу менен жокко чыгарылды.

— Комиссия деген жок, эч ким барып текшербейт турбайбы?

— Ооба, биз бул жерде жаңыча ыкманы – «ишкердин ак ниеттүүлүк принцибин» киргиздик. Мурда комиссия түзүлүп, ар бир мектепке барып текшерүү жүргүзүлсө, азыр андай тоскоолдук жок. Лицензия алууну каалаган тарап АИС «Лицензиялоо» системасына мектептин имараты, материалдык-техникалык базасы, эмеректери, окуу-усулдук куралдары жана мугалимдердин курамы тууралуу маалыматтарды өзү киргизет. Бирок, бул жерде жоопкерчилик маселеси абдан чоң. Мектеп ачуучу адам киргизген маалыматтарынын тактыгына, балдардын өмүрүнө жана коопсуздугуна жеке керт башы менен жооп берерин түшүнүшү керек. Система максималдуу түрдө жөнөкөйлөтүлгөнү менен техникалык каталарды четтетүүгө багытталган. Эгер имараты талапка жооп бербесе же тиешелүү уруксат кагаздары жок болсо, система арызды кабыл албайт. Демек, ишкердин ак ниеттүүлүгү – лицензия алуунун негизги кепилдиги.

— Санитардык талаптар жана өрт коопсуздугу боюнча корутундуларды алууда да кыйынчылыктар бар эле го?

— Бул маселеде чыныгы реформа жасалды десем болот. Мурда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана өрт коопсуздугу боюнча корутундуларды алуу мөөнөтү 30 күнгө чейин созулуп, ишкерлерди абдан кыйначу. Азыр бул мөөнөттөр кескин кыскартылды: шаар жерлеринде болгону 3 жумушчу күнүндө, ал эми алыскы айыл жерлеринде 7 күндүн ичинде бериле турган болду. Бул мөөнөттөрдүн сакталышын система өзү көзөмөлдөйт. Бул кадам ишкерлердин убактысын гана үнөмдөбөстөн, коррупциялык тобокелдиктерди да алдын алат. Бир катар ишти жеңилдетүү үчүн эскирген нормалар алып салынды. Кагаз документтерин даярдоого кетүүчү каржылык чыгымдар токтотулду.

Эң негизгиси, мурда 4 айдан ашык убакытка созулган лицензиялоо процесси азыр 20 күндүн ичинде аяктайт. Лицензия электрондук форматта берилет, аны каалаган убакта QR-код аркылуу текшерип алса болот. Бул ачыктык жана натыйжалуулукту камсыз кылат.

— Министрлик жеке менчик мектеп ачам деген тараптар менен кандайча иш алып барат? Өлкөдө канча жеке менчик мектептер иштейт?

— Мектеп ачат элем дегендерге тынымсыз методикалык жардам берилет. Аймактардагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен да биргеликте иштейбиз. Аларга мектепке ылайыктуу болгон мамлекеттик, муниципалдык мекемелер болуп калса, мектеп ачам дегендерге уруксат бергиле деген сунуш берилген. Автоматташтырылган системада бардык колдонуучулар үчүн нускамалар даярдалып, жайгаштырылган. Документтерди даярдоо этабында тынымсыз кеп-кеңештер берилет. Кыргыз Республикасында 300дөй жеке мектеп иштейт. “Лицензиялоо” автоматташтырылган системасы ишке киргенден бери тынымсыз окутуулар өтүп жатат. Жеке менчик мектеп жетекчилеринин жаңы технологиялар менен иштөө компетенттүүлүгү да каралып, өзгөчө көңүл санариптик системаларда иштөөгө бурулууда.

— Жеке менчик мектептер да 12 жылдык билим берүү модели менен билим берип жатышабы?

— Ооба, 12 жылдык билим берүү системасы мамлекеттик мектептер сыяктуу эле жеке менчик мектептер үчүн да милдеттүү стандарт болуп саналат. 12 жылдык системага өтүү – бул биздин билим берүү системабызды инклюзивдүү жана инновациялык деңгээлге көтөрө турган стратегиялык кадам. Учурда жеке менчик мектептер да 12 жылдык билим берүү концепциясынын алкагында иштеп жатышат.

— Балдардын келечегине жеке менчик мектептердин тийгизген негизги кандай артыкчылыктарын белгилейт элеңиз?

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ар бир жаран билим алууга укуктуу. Бирок заманбап дүйнөдө жөн эле билим эмес, атаандаштыкка жөндөмдүү билим керек. Жеке менчик мектептер инновациялык методдорду жана жаңы технологияларды биринчилерден болуп киргизет. Демек, жеке мектепте окутуу – бул баланын келечектеги жашоодо өз ордун ишенимдүү табуусуна жана ийгиликке жетишине жасалган эң чоң инвестиция. Бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош сыяктуу ири шаарларда мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин ашыкча толуп кеткендиги эң чоң көйгөйгө айланды. Бир класста 40-50дөн окуучунун отурушу мугалимдин ар бир балага жекече көңүл бөлүп, материалды сапаттуу түшүндүрүүсүнө физикалык жактан тоскоолдук кылат. Мына ушундай шартта жеке менчик мектептер балдардын келечеги үчүн төмөнкү негизги артыкчылыктарды сунуштайт. Окуучулардын санынын аздыгы – жекече мамиле, ийримдердин жеткиликтүүлүгүн белгилөөгө болот. Ата-энелерди баланы шаардын бир четинен экинчи четине ташуу түйшүгүнөн куткарып, баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзөт. Жеке мектептерде ата-энелер менен иштешүү тутуму абдан бекем жана ачык. Эки тараптуу мамиленин жакшы болушу – баланын психологиялык абалын жана билим алуудагы ийгиликтерин биргелешип көзөмөлдөөгө жардам берет.

Мээрим Бактыбек кызы

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X