Агып кирген суунун көлөмү аз
Кечээ, 6-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 134,63 миллион метр кубга түштү. «Электр станциялары» ишканасынан суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 179 метр куб болуп жатканын билдиришти. Ошол эле учурда агып чыккан суунун көлөмү жогору болуп, секундасына 649 метр кубду түзүүдө.