АЙ-УШУ, ДЕЙМ, АЛДЫМДА АТ БОЛГОНДО

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Адабият 180

Бу сапар Алиман Абдыкеримованын чыгармачылыгы менен жакындан таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк болду. Саресеп салып отурсам, акын кызыбыздын поэзиясында сырткы кооздукка караганда ички ойдун салмагы менен реалдуу чындыгы үстөмдүк кылат экен. Ошондуктан анын ырлары окулуп бүтөрү менен окурмандын аң-сезиминде кайра-кайра жаңырып, жаңы маанилерди жаратып жашай берет тура. Анын чыгармачылыгы азыркы кыргыз поэзиясында сейрек кездешкен интеллектуалдык лириканын көрүнүктүү мисалдарынын бири болуп саналат. Акындын ырларында жөнөкөй турмуш көрүнүштөрү чоң философиялык жалпылоого айланып, адам менен мезгилдин, табият менен коомдун, руханий дүйнө менен реалдуу турмуштун байланышы өзгөчө көркөм чеберчилик менен чечилип берилет. Акын окурманга даяр жыйынтык сунуштабайт, тескерисинче, аны ойлонууга, көркөм тексттин ички катмарларын автор менен чогуу ачууга чакырат.

Мисалы, “ЗАКЫМДАГАН ЗАМАНДЫН СҮРӨТТӨРҮ” деген ырында чач алуу, бакча сугаруу, арыктагы суу, көчөт, шамал, көпөлөк сыяктуу кадимки турмуштук деталдар аркылуу бүтүндөй коомдун руханий абалы чагылдырылат. “Акыйкат мукактанат”, “Жердин куту кетменделип кетүүдө” сыяктуу образдар бүгүнкү доордун социалдык жана нравалык көйгөйлөрүн символдук деңгээлде мыкты ачып берет. Бул поэзия окурманды окуя менен эмес, ой менен жетелеп жүрүп отурат. Келиңиз окурман, “Закымдаган замандын сүрөттөрүн” чогуу карап көрөбүз.

Бул ыр бир доордун, коомдук аң-сезимдин, адамдык баалуулуктардын өзгөрүшүн символдор менен көркөм деталдар аркылуу чагылдырган философиялык-лирикалык чыгарма. Акын кадимки эле баласынын чачын алып жаткан процессти негизги сюжеттик тутка катары карманып, ошол учурдагы ой толгоолору аркылуу бүтүндөй бир доордун картинасын окурмандын алдына тартат. Ырдын аталышы “Закымдаган замандын сүрөттөрү” деп бекеринен аталган эмес. “Закым” – чындык менен жалган аралаш, нерселердин мунарыктап бүдөмүк көрүнүшү. Демек, акын өзү жашап жаткан доордун так эмес, бурмаланган көрүнүшүн сүрөттөйт. Ырдын негизги идеясы – замандын моралдык кризиси, акыйкаттын басмырланышы, адамдын руханий дүйнөсүнүн жабыркашы, анан да ошол көрүнүштөргө карата акындын жарандык позициясы берилет.

Автор турмуштагы майда көрүнүштөрдү коомдук чоң маселелердин символуна мына моминтип айлантат:
I строфа
“–Чачыңды алып берейин, отур, балам,
Өсүп кетти жагымсыз ойлорумдай…
…Үн алгыдан үн чыгат, опулдаган,
Айтып жатат, болгонун болгонундай…” Ыр турмуштун жөнөкөй бир көрүнүшүнөн башталат. Чач алуу – күнүмдүк турмуш. Бирок биринчи эле сапта: “Өсүп кетти жагымсыз ойлорумдай” – деген салыштыруу берилет. Мында чачтын өсүшү менен адамдын ичиндеги жагымсыз ойлордун тынчтык бербегени, тышкы көрүнүш менен ички дүйнөнүн айкалышы – психологиялык параллелизм сезимтал калемгердин чеберчилиги менен кынтыксыз, кылдат салыштырылган. “Үн алгы” (радио) болсо заман тууралуу маалымат берип жатат. Бирок ал опулдаган маалыматтар адамдын көңүлүн көтөрбөйт. Чыгармадагы ирония – маалымат каражаттары “болгонун болгонундай опулдап” айтып жаткандай көрүнгөнү менен, чындыгында коомдо чечилбеген көйгөй арбын экенин туюнтулат.

II строфа
“Мурун жарат мууздалган сөздүн ысы,
Мукактанат Акыйкат, мукураган.
Кетменделип, кетүүдө Жердин куту,
Тозоң учат топуктуу супураңан…”
Бул строфа ырдын эң философиялык бөлүгү. Акыйкат – адам сыяктуу жандуу берилген. Жердин куту – улуттук байлык, руханий мурас катары сүрөттөлгөн. Тозоң учат – баалуулуктардын чачырашы – мыкты символдоштурулган. “Мууздалган сөз” – эркин сүйлөй албаган коомдун белгиси. “Акыйкат мукактанат” – чындык сүйлөй албай калганынын ишаараты. “Жердин куту кетменделип кетүүдө” – деген сап табияттын бузулушун гана эмес, руханий байлыктын да жок болуп бара жатканын билдирет. Бул строфада метафоралар өтө күчтүү берилген. Өзгөчө “Акыйкат мукактанат” деген сап бүтүндөй чыгарманын идеялык борборун түзүп турат.

III строфа
“–Мына, аз калды, болду эми!
Чыдай тур да!
Куудураган чоңуна кубат берем.
Кичинеси тобун жууйт ылай сууга.
Чач алганча алекмин сугат менен…”
Бул строфада кайрадан чач алуу көрүнүшүнө кайрылат. Бирок ошол эле учурда бакча сугаруу иш-аракети кошо сүрөттөлөт. Бул эки иш жөнөкөй турмуштун бир бүтүн символу. “Куудураган чоңуна кубат берем” – чоң уулун жооткотуп, сооротуу менен табиятка назар салуу баяндалат. Элди да чоңдор так ошентип сооротуп жаткандай картина көз алдыбызга тартылат. “Кичинеси тобун жууйт ылай сууга” – мындан улуу муун ылайлаган жаш өмүрдүн жашоо үчүн күрөшүн, тазалыкка умтулуусун көрөбүз. Мында калемгер муундар аралык адамдар бири-бирине таасир этүү абалын да образдуу эске салат.

IV строфа
“Ушул чакан бакчада уютулган,
Учкай кейпи учурдун даарыганы.
Укчу жан жок сөздү азыр кыйытылган,
Мунун баары жашоонун каарманы…”
Бул строфада акындын философиялык ойлору тереңдейт. Бакча эми бүтүндөй коомдун моделине айланат. Бул чакан бакчада чоң дүйнөнүн көрүнүшү, ааламдын бир үзүм бөлүгү жатат. “Укчу жан жок” – бу заманда адамдар бири-бирин укпай, сөзгө маани бербей калганы таасын сүрөттөлөт. “Жашоонун каарманы” – бакчадагы ар бир нерсе адам мүнөзүнүн символу катары баяндалат.

V строфа
“Арыктагы суу айтат арыз-муңун,
Арыраакта алманын көчөтүнө.
Ушак тыңшап кулпунай, жалгыз гүлүн,
Улам коёт апкелип чекесине…”
V строфа толугу менен кейипкерлердин кыймыл аракети аркылуу уланат. Суу сүйлөйт. Көчөт угат. Кулпунай ушак тыңшайт. Бул адамдардын образдары. Символдук жактан чечмелесек, суу – эл. Алманын көчөтү – келечек. Кулпунай – ушак менен жашаган жасалма коом. Жалгыз гүлүн чекесине тагынышы – көзгө басар бир иши жок куру мактанчаактык. Кайда болбосун бир арзыбаган нерсени көтөрө чаап көрсөтүү. Бул жерде коомдогу ушак-айыңдын күн сайын күчөп баратканы сындалат.

VI строфа
“Үркүп кеткен эрке жел таранчыдан,
Күүп салды каакымды бейбаштанып.
Тайып кеткен суу түтүк таянчынан,
Тушундагы турпакты жей баштады…”
Таранчыдан эрке желдин үркүп кеткени, “Кыргыйды Торгой тепкендей” терс көрүнүш. “Күүп салды каакымды бейбаштанып” андан ары коомдук абалдын ассоциациялык байланышы сүрөттөлөт. Бир нерсе өз ордунан капыс жылса, ага байланыштуу бүт система бузулат. Бул мамлекеттин, коомдун мыйзамдарынын бузулушунун символу. Түтүк тайып кетти. Суу өз нугу менен акпай калды. Натыйжада турпак жабыркайт. Тынч турган каакым күбүлүп түшөт. Жагымсыз абалдын күтүүсүз жаралышы чебер сүрөттөлгөн.

VII строфа
“Оосар күлкү, көйрөң бул көпөлөктүн,
Селфилдегин үлүлдүн көргүсү жок.
Жылган менен чет элдеп, көчөлөп миң,
Жылуу үйүн эч кимге бергиси жок!..”
VII строфада юмор сезими күчтүү берилген. Бул бүгүнкү коомдук турмушту чагылдырган заманбап строфа. Мында социалдык турмуштагы, жасалма, арсыз жашоо, миграция темалары аралаш сүрөттөлгөн. Оосар күлгөн, көпөлөктөй жеңил баа – көйрөң, селфилдеген үлүл сыяктуу заман каармандарынын образы мыкты ачылган. Үлүл өзүнүн кабыгында гана жашайт, азыркы доордун адамы да ошондой өз дүйнөсүнө камалып калган. “Чет элдеп, көчөлөп миң” – миграцияга кеткен караламан эл. Бирок, кайда жүрбөсүн адам өзүнүн жылуу үйүн эңсейт. Анда жашабаса да аны эч кимге, бир тууганына да ыраа көрбөйт.

VIII строфа
“…Долуланат үн көбүк чачыратып,
Доор турганда азуусун качыратып.
Ай-ушу, дейм, Алдымда ат болгондо,
Бардыгыңды куумакмын патыратып!!!
Атааң гөрү-ай, алдымда атым болсо,
Бардык “Үндү” куумакмын патыратып!”
Бул акыркы строфа акындын ички жарылуусу. Бул жерде лирикалык каарман жөн гана байкоочу эмес. Ал күрөшүүгө даяр турган каарман. “Үн” деген сөз эки мааниде колдонулат: биринчи үн опулдаган маалымат каражаттары. Экинчиси куру кыйкырык, ызы-чуу. “Ат” – кыргыз табиятындагы эркиндиктин символу. Ат – аракет, күч, намыс. Акын: “Бардык үндү куумакмын” – деп, жалган маалыматты, ызы-чууну, элге пайдасы жок куру сөздү кубалап жок кылгысы келет. Бул эң оболу акындык, анан дагы мекенчил жарандык протест.

Чыгарманын көркөм өзгөчөлүгүнө назар салсак, символдор абдан ырааттуу, мол колдонулган. Акындын көркөм сөз каражатына келсек, метафоралар: “Акыйкат мукактанат”, “Жердин куту кетменделет”. Кейипкерлердин образына келсек: суу сүйлөйт, жел үркөт, кулпунай ушак тыңшайт. Символдорго саресеп салсак: Бакча – коом. Суу – өмүр. Көчөт – келечек. Ат – эркиндик жана аракет. Чач – мээнет, убакыттын өтүшү жана ойдун жүдөө тартышы. Сатира жана юмор: “Оосар күлкү”, “көйрөң көпөлөк”, “селфилдеген үлүл”, “ушак тыңшаган кулпунай”. Табият көрүнүшү менен коомдук абалдын катар сүрөттөлүшү – психологиялык параллелизмдин жогорку деңгээлинде колдонулган.

Сөзүбүздү жыйынтыктап айтсак, Алиман Абдыкеримованын жалпы эле чыгармалары, анын ичинде “Закымдаган замандын сүрөттөрү” деген ыры азыркы кыргыз поэзиясындагы философиялык лириканын мыкты үлгүлөрүнүн бири. Акын жөнөкөй турмуш көрүнүштөрүн терең символикалык мааниге көтөрүп, коомдун руханий абалын, мезгилдин карама-каршылыктарын жана адамдын ички дүйнөсүн жогорку көркөм деңгээлде ачып бере алган кыл калемгер. Анын ырлары окурманга даяр жооп сунуштабайт, тескерисинче, ой жүгүртүүгө, ар бир образ менен символдун маңызын издөөгө чакырат. Чыныгы поэзиянын күчү да мына ушунда эмеспи. Ошондуктан, автордун “Закымдаган замандын сүрөттөрү” чыгармасы 2021-жылы жазылганына карабай бүгүнкү күндүн эле эмес, бүтүндөй бир доордун картинасын алдыбызга тартып, мезгил сынынан өтө турган көркөм дөөлөттөрдүн катарына кошулууга татыктуу десек жаңылышпайбыз.

Акындын ыр жыйнагы чыкты беле же жокпу кабарым жок экен, эгер чыккан болсо ар бир адабият сүйүүчү анын чыгармалар жыйнагын алып окуса руханий азык алары талашсыз. Эгер чыга элек болсо, анда автор окурманга карыз болбой чыгаруусу керек. Аягында айтарыбыз, өзүнүн оригиналдуу чыгармалары менен азыркы акын кыздарыбыздын сап башында келаткан Алиман айымга өлчөөсүз бакыт, дагы да зор чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

Бахпурбек Аленов

PS: Алиман Абдыкеримованын чыгармачылыгын интернет порталдардан окуй аласыздар.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X