Айбек Дайырбеков маданият министринин орун басары болуп дайындалды

8-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 76

Кинорежиссёр, сценарист жана продюсер Айбек Дайырбеков Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 3-сентябрда кол койгон.

1979-жылы Бишкекте төрөлгөн Дайырбеков — кыргыз киносунун өнүгүшүнө салым кошкон чыгармачыл адис. Ал «Дарак ыры», «Эрмен жыты», «Кайык», «Ай бала» сыяктуу тасмаларды жараткан.

Ошондой эле «Карек» балдар кино фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири болуп, жаш таланттарды колдоо жана балдар киносун өнүктүрүү багытында иш алып келген.

Анын тасмалары бир катар эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлүп, абройлуу сыйлыктарга ээ болгон.

Эми көп жылдык чыгармачылык тажрыйбасын мамлекеттик кызматта улантат.

8-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 76
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X