Айбек Дунканаев Свердлов районундагы тургундардын көйгөйлөрүн жеринен укту

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99

Бишкек шаардык кеңешинин «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын депутаты Айбек Дунканаев Свердлов районунда көчмө жумушчу жолугушуу өткөрүп, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү менен жеринен таанышты.

Жолугушууга Иваницына көчөсүндөгү №60 жана №60А үйлөрдүн жашоочуларынын кайрылуулары себеп болду. Аталган эки үйдө 96 батир бар, анда 200дөн ашык адам жашайт.

Тургундардын айтымында, аймакта чечүүнү талап кылган бир катар коммуналдык жана инфраструктуралык маселелер топтолгон. Алар суу менен камсыздоо жана канализация, электр энергиясы, көчөлөрдү жарыктандыруу, жер казуу иштеринен кийин бузулган жолдорду калыбына келтирүү, балдар аянтчасын орнотуу, бак-дарактарды санитардык бутоо жана тиричилик таштандыларын өз убагында чыгаруу маселелерин көтөрүштү.Возможно, это изображение дерево

Көйгөйлөрдү жеринен көрүп, чечүү жолдорун аныктоо үчүн жолугушууга Свердлов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, «Бишкекводоканал», «Бишкексвет», «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрү, №306 МАБ жетекчиси жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Ар бир маселе жеринде талкууланып, жооптуу кызматтар менен биргеликте аларды чечүүнүн конкреттүү жолдору каралды.

Көчмө жолугушуунун негизги максаты — тургундардын кайрылууларын угуу менен гана чектелбестен, көйгөйлөрдү тиешелүү кызматтардын катышуусунда карап чыгып, аларды чечүүгө багытталган практикалык чараларды аныктоо.

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X