Айчүрөк Макешова: «Зоболосу бийик “Эркин-Тоом” мен үчүн ак жолтой болду»

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 183

Журналисттик кесипти жазуучулук өнөр менен айкалыштырып, өмүрүнүн чейрек кылымын «Эркин-Тоо» гезитине арнаган калемгер Айчүрөк Макешованын чыгармачылык жолунда мамлекеттик гезиттин мазмунун байытып, окурмандардын кызыгуусун арттырууга багытталган эмгектери өзгөчө орунда турат. Каармандарын издеп, алардын жасаган иштерин, эмгегин жана адамдык сапатын ачып жазган журналисттин басып өткөн жолу өзүнчө бир чыгармачыл мектеп.
Айчүрөк эженин журналисттик жана жазуучулук жолунун урунттуу учурлары тууралуу маектештик.

– Айчүрөк эже, 75 жашта да жигердүү эмгектенип келесиз. Сизге күч-кубат берген нерсе эмне?
– Эсимде, башталгыч класста окуп жүргөн кезим. Бир күнү класска ак халатчан медиктер кирип келип, эмдей башташты. Жаныш деген классташыбыз жашырынып, качып кетти. Эмделбей калды. «Качты» деп биз да айгак болгон жокпуз.
Көп өтпөй Жаныш ооруп, ооруканага жатып калды. «Аттиң, Жанышты качырбай, биз сыяктуу эмделгенде ооруп калмак эмес. Биз классташыбызды жашырып, бекер кылган экенбиз. Мындан ары мындай кемчиликтерге жол бербейли. Пионер деген ак ниет болушу керек» деп, «Кыргызстан пионерине» куш тилиндей кабар жазып жибердим.

Тобо, кабарым гезитке жарыяланып, талкууга айланып кетти. Талкуу гезит бетинде бир нече айга созулду. Бул менин алгачкы кабарчылык, тырмак алды эмгегим эле. Классташым Жаныш болсо: «Мен жөнүндө гезитке жазып, атагымды бүт Кыргызстанга жайдың» деп сыймыктанып калчу. Алгачкы каарманым ак жолтой болду. Кабарчылык тушоом кесилди.

– «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинде чейрек кылымга жакын эмгектенүү сиздин чыгармачылык жолуңузда кандай из калтырды?
2007-жылы гезитибиздин 6-февралдагы санына кыргыздын чыгаан уулу, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимов жөнүндө «Айта жүрөр алтын доор» деген ат менен чакан аңгеме сымал макалам жарыяланды. Көп өтпөй редакцияга «Султан Ибраимов жөнүндө жакшы жазыпсыңар» деген кат-кабарлар, үн кошуулар байма-бай келе баштады. Мисалы, Каракол шаарында жашаган Мыскал Жыргалбаева эжебиз «Кыргыздын султаны эле» деген эскерүүсүн жибериптир. Аны иштеп чыгып, гезитибиздин 27-апрелдеги санына жарыяладык. Тилекке каршы, бардык үн кошууларды чыгара алган жокпуз. Кеп анда деле эмес. Демек, жакшы макалаларга, кабарларга эл суусап турат турбайбы.

Кыргыздын кыраандары Исхак Разаков, Султан Ибраимов, Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры Зууракан Кайназарова, кыргыз искусствосунун чолпон жылдыздары Бакен Кыдыкеева, Муратаалы Күрөңкеев, Султангазы Андабеков, Койсун Карасартова, Элмирбек Иманалиев сыяктуу нечен мыкты инсандардын чыгармачылык жашоосун, кайгысы менен армандарын ташка тамга баскандай сүрөттөөгө аракет кылдым.

Жарым кылымдык калем түшүмүн ченеп болобу? Архивдерде жакшы сакталып турса, улам кийинки чыгармачылыкка кызыккан муундарга мурас болуп калат.

– Сиздин журналисттик эле эмес, жазуучулук талантыңыз да өзгөчө. Кайсынысын жакын көрөсүз?
– Жазуучулукту тунум десем, журналисттик – кенжем, эркем. Соолуган союз ураган жылдарга жазуучулук жаш кезим туш келди. Алгачкы аңгемелер жыйнагым «Кошокчу аял» деген ат менен 1981-жылы «Кыргызстан» басмасынан жарык көрдү. Ал кезде Талас облустук гезитинде кабарчы болуп иштеп жүргөм.

Кыргыздын кыраан жазуучусу, кара сөздүн устаты Касым Каимов ден-соолугуна байланыштуу Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчылыгынан бошоп, облустук жаш таланттарга кеңешчи болуп келген. Алгачкы жыйнагымa баш сөз жазып, аңгемелериме ыраазы болгон. «Кыйын жазат экем» деп жыргап жүрсөм, алгачкы китебим чыгаары менен сынчылар сындап киришти. «Кыргыз маданияты» жумалыгына китебим тууралуу сындар чыга баштады. Мен окуп алып ыйлап жүрөм. Кейигенимди айтпа!

Бир күнү редакциянын жанына келип Касым агайымдын машинасы токтоду. Сыртка чуркап чыгып, жаш баладай бырылдап ыйлап, иштин жайын түшүндүрдүм. Ошондо жибектей созулган кайран агайым: «Баланча акын-жазуучуларды билесиңби?» деди. «Билем» десем: «Алардын китептери байма-бай чыкканы менен, сынчылар окумак тургай карап да коюшпайт. Ал эми сенин тырмак алды китебиңде магниттей тартып турган бир нерсең бар турбайбы. Сынчылар да ар кандай болот. Башка сынчылар мактап да жазат. Жашыңды тыйгын», – деди.

Айткандай эле, башка сынчылар, ошондой эле аттуу-баштуу жазуучулар жакшы баалашты. Айрыкча кыргыз адабиятында тарыхый романдарды баштаган, атактуу «Сынган кылычы» менен атагы таш жарган Төлөгөн Касымбеков, кара сөздүн чеберлери Өскөн Даникеев, Кеңеш Жусупов, Ашым Жакыпбеков, Шукшиндин аңгемелерин кыргызча сүйлөткөн, «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын башкы редактору Сагын Наматбаев, улуу акын жана драматург Жалил Садыков баш болгон агайларым ак жол каалашкан. Бир-эки китебим чыгары менен эле СССР Жазуучулар союзуна өткөрүүгө сунуш кылышкан. Ал кезде СССР Жазуучулар союзуна өтсөм дегендер көп эле. Документтерин топтоп, күтүп жүргөндөр да арбын болчу.

Бут тоскондорго, талаш-тартышка карабай, кайран көк жал акын агайым Омор Султанов комиссиянын төрагасы катары колдоп чыкканы, не деген эрдик! Арылбас арманым – мен бел туткан кайран агайларым азыр арабызда жок. Китептерин башыма жаздап, кайра-кайра окуп, айла канча каниет кылам. Кыргыз адабиятынын кырманына мына ушул улуу агайларымдай мол түшүм жыйнагандар мындан ары болор бекен, жок бекен, ким билет?!

– Бүгүнкү базар шартында гезиттин жашоосу оңой эмес. Сиз гезиттин мазмунуна гана эмес, материалдык мүмкүнчүлүгүнө да салым кошуп келесиз. Бул багыттагы эмгегиңиз тууралуу айтып берсеңиз.
– Базар шартында гезиттин жашоосуна кан жүгүртүү, албетте, жеңил эмес. Мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын, министрликтердин, укук коргоо, салык, бажы жана башка тармактардын жетекчилери менен сүйлөшүү, тил табышуу оңой эмес.

Эсимде, бир райондун прокурору менен маектешүү үчүн барсам: «Эже, мына бул документтерди карап чыгыңыз, биз жасап жаткан иштердин толук маалыматтары ушунда, чыгара бериңиз», – деп сылык-сыпаа узатып койду. Арадан күндөр өтүп, прокурордун маеги жарык көрдү. Маектин кызыгы тарай электе ошол прокурор: «Эже, саламатсызбы? Туш-туштан прокурорлор, тааныштар, курсташтар чалып: “Кайдан жүрүп сөзмөр болуп кеткенсиң? Мыйзамдын күчүн жакшы даңазалапсың. Учурдун көйгөйлөрүн көзгө сайгандай көрсөтүпсүң. Кызыгып окуп чыктык, куттуктайбыз” деп чалышып жатат. Эже, менин оюмдагы олуттуу маселелерди козгопсуз. Сизге чоң рахмат, келип кетиңиз», – деп калды.

«Жакшы сөз жан эргитет» дегендей, толкунданып калдым. Кийин бул жигит Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын орун басары болуп иштеди. Бир тууган инимдей жакын болуп калган. Мындай каармандарым ар тармакта көп. Ошентип, байма-бай акы төлөнүүчү материалдарды даярдап, гезиттин казынасына да өз салымымды кошуп келдим. Деги койчу, мен кайрылбаган тармактар сейрек.

– Сиздин «Эркин-Тоо» менен байланышкан дагы бир чоң эмгегиңиз – жылдын мыктыларын жана алдыңкы айымдарды тандоо салты. Бул иш кандайча жолго коюлган?
– «Баарын коюп Манасты айт» деген ташка тамга баскандай таасын сөз бар. Дүйнөлүк басма сөз айдыңында «Жыл адамы» деген кадыр-барктуу наамды жыл жыйынтыгы менен беришет. Мындай салттан биз да алыстаган жокпуз.
Жыл сайын жаңы жыл алдында «Жылдын мыкты жетекчиси», «Жылдын мыкты депутаты» жана башка номинациялар боюнча мыктыларды тандап, алгач гезитибиздин бетине түстүү сүрөттөрүн жарыялап, жети дубанга даңазаладык. Мекенибиздин туш тарабынан келген ар тармактын мыктыларын зор салтанат менен сыйлап, эски жылды жакшы жыйынтыктап, жаңы жылды жаркырап тосуп алчубуз.

Салтанатка «Эркин-Тоонун» негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Баатыры, легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов баш болгон мамлекеттик ишмерлер катышып, салтанаттын көркүн чыгарышчу. Төбөсү көрүнгөн ишмерлер, жетекчилер, маданияттын чамгарагын көтөргөн композиторлор, булбул ырчылар, аткаруучулар менен насиптеш болуп, алар менен сүрөткө түшүү жагымдуу көз ирмемдер эле. Ыр-күүлөр жаңырып, салтанаттарыбыз көңүлдүү өтчү. Жыл мыктылары ыраазы болуп кайтышчу. Ушул салтанаттан ашса-ашып, кем калбаган дагы бир мактанычыбыз – жыл сайын 8-Март Эл аралык аялдар күнүнө карата «Алдыңкы айымдар» салтанатын өткөрүп, асыл айымдардын баркын көтөрдүк. Алардын арасында Чыңгыз
Айтматовдун бир тууган карындашы, мамлекеттик ишмер, окумуштуу Роза Төрөкуловна Айтматова, Кыргыз ССРинин эл артисти Дарика Жалгасынова, чоң комузчу Самара Токтакунова баш болгон мыкты айымдар, дарыгерлер, мугалимдер жана ар түрдүү кесиптин ээлери бар эле. Мына ушул жыл мыктыларын жана алдыңкы айымдарды тандоо да өзүнчө зор машакат. Мыктылыгын таразалоо үчүн адегенде чогуу иштешкен кесиптештери, эли жана жетекчилери менен кеңешип, татыктууларын табууга аракет кылдык.

Айталык, 2018-жылы Маматалиев Марлен Абдрахманович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаш депутаты болчу. Биринчи кезекте шайлоочуларынын, ошондой эле депутаттардын сунушу боюнча «Жылдын мыкты депутаты» болуп тандалган. Биз жаңылышпаптырбыз. Ал жыл сайын салтанатыбыздын ажарын чыгарып, сыйыбызды көрүп жүрдү. Мына эми Марлен Абдрахманович баралына жетип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери болду.

Биз тандаган мыктылар бүгүн да өлкөбүздүн ар тарабында жетекчилик жана жооптуу кызматтарда иштеп жатышат. Мисалы, Сокулук районунун мурдагы мыкты акими Аманкан Батырбекович Кенжебаев учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. Баткен шаарынын мурдагы мэри Рахимов Мамыржан учурда Баткен облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү. Республикабыздын токой кызматын жетектеп, жемиштүү эмгектенген мыкты жетекчи Мусаев Алмаз Мустафаевич учурда Кыргыз Республикасынын жер ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.

Айыл өкмөт башчылыгынан акимдикке, шаар мэрлигине жана башка кызматтарга жеткен мыктыларды санай берсек, сан жетпейт. Зоболосу бийик «Эркин-Тоомдун» мыкты мырзалары, алдыңкы айымдары биздин сыныбыздан өтүп, таанылды. Алар – жигердүү эмгектин үлгүлөрү.

Мыкты мырзалар менен алдыңкы айымдарды тандоодо да алдыга оздум, алдыма камчы салдырбадым. Мисалы, 2016-жылы 30, 2017-жылы 63, 2018-жылы 61, 2019-жылы 39 мыктыны тандапмын. Жалпы эсептесек, 382 мыкты менен алдыңкыларды таап, тандапмын. Демек, гезиттин демине дем, күчүнө күч кошкон мээнетим ак.

Мына ушул мыктыларды даңазалаган «Зоболоң бийик, Эркин-Тоом» аттуу эки китепти түстүү кылып чыгардым. Бул эки китепти барактагандар менин гезитиме кошкон тоодой салымымды билишет. Мактаныч эмес, чырактай чындык.
– Жаш журналисттерге көз карашыңыз кандай? Аларга кандай каалоо айтар элеңиз?
– Жакшы журналист болуу үчүн биринчи кезекте шык, дем, талант керек. Ошондой эле жаштар көп изденип, интеллектуалдык деңгээлин ар тараптан көтөрүшү зарыл.

Заманбап технологияларды, санариптик мүмкүнчүлүктөрдү мыкты өздөштүрүп, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалана билсе, жазгандары да жакшы чыгат. Жаштардын заманбап заманы кут болсун. Кечээги заман менен бүгүнкү заманды салыштырып болбойт.

– Алдыга койгон кандай максаттарыңыз бар?
– Мамлекеттик сыйлыктарга суусаганыма көп болду. Нечен жылдан бери Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу наамына документтеримди толтуруп, тапшырып, чарчадым. Бирок, ушул олуттуу максатымдан үмүтүм үзүлө элек. Буйруса, болуп калар.
Быйыл гезитибиздин 35 жылдыгы. Эркин-Тоочу кесиптештериме узак, жагымдуу өмүр, чыгармачылык ийгилик каалайм.

Бактыгүл Кулатаева

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X