Аида Дөлөтбакова: Аймактардын экономикасы өнүгүшү керек
Президент Садыр Жапаров тарабынан 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилген. Программада өнүгүүнүн төрт негизги багыты — индустриялаштыруу, аймактык хаб, айыл чарба жана туризм, жашыл энергетикага басым жасалган.
Индустриялаштыруу багыты боюнча 2030-жылга чейин өлкөдө айыл чарба, өнөр жай продукциясынын көлөмүн көбөйтүү жана аймактарда кеминде беш технологиялык парк зонасын түзүү максаты коюлган.
Бул багытта жакында Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районун Байтик айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы камтылган эмгектин бет ачаары болду. Бул китепти даяр ишкердик план десек болот. Китепте Байтик айылындагы келечектүү багыттар, ишкерчиликтин түрлөрү изилденип берилген. Бул изилдөө эмгеги М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин алдындагы экономика илим-изилдөө институтунун аймактарды таануу бөлүмүнүн башчысы, экономика илимдеринин кандидаты Аида Дөлөтбакованын жетекчилигинин алдында жарык көргөн. Аида айымдан жаңы китеп тууралуу жана аймактарды өнүктүрүү үчүн эмнелер зарылдыгын сурап жооп алдык.
-Аида айым, изилдөөгө эмнеге Байтик аймагын тандап алгансыздар?
-Бул иштердин башаты Президентибиз кабыл алган өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында ишке ашууда десем болот. Бул эмгек окумушутуулардын жардамы, Президенттин демилгесин колдоосу десем да болот. Негизинен улуттук программанын алкагында ар бир аймактын өнүктүрүү программасы болушу абзел. Бул багытта биз изилдөө жасоо үчүн Чүй облусунун жетекчилигине кайрылганыбызда, алар Байтик айыл аймагынын өнүгүү чекиттерин аныктоого жардам кылууну белгилешкен. Адистер 6 ай ичинде Байтик айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жеринен барып иликтешти. Бул эмгекти чыгарууга окумуштуулар, адистер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл эли, Байтик айыл аймагынын жетекчилиги жардам беришти.
-Байтик айылынын өнүгүү чекиттери кандай белгиленди? Бул аймакта кайсы тармактарга басым коюу аныкталды?
— Байтик Аларча суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1160 м бийиктикте жайгашкан айыл. Аймакта, орто мектеп, кесиптик-техникалык лицей, бала бакча жана башка социалдык обьекттер орун алган. Биз изилдөө жүргүзүп жатып 11 өнүгүү чекиттерин аныктадык. Алар: мал чарбачылыгы, аймакка чакан сыр заводун куруу, малина кулпунайды өстүрүү, бал өндүрүү, форель балыгын өстүрүү жана сатуу, күнөскана куруу, жер-жемиштерди өстүрүүнү кеңейтүү, туризм тармактары. Бул аймакта Кашка-Суу тоо лыжа базасы орун алган. Аны менен катар Байтик борбор шаарга да жакын жайгашкан. Өндүрүлгөн продукциялардын сатылышы да өтүмдүү болот. Ал эми Өкмөт Байтиктен Аларча паркына чейин вело жол салды. Мына ушул жолду жергиликтүү калк пайдаланышы керек. Мисалы, бизнес ачып, иштетсе болот. Бул иштерге айыл өкмөт да кызыкдар болуп, жаңы шарттарды түзүү зарыл дейт элем.
-Экономист катары айтсаңыз, негизи эле аймактарды өнүктүрүү үчүн жаңы кандай моделдер зарыл деп ойлойсуз?
-Аймактарды өнүктүрүү жөнүндө сөз болгондо, социалдык обьекттерди курууга басым жасалып кетет. Ал дагы керек, бирок башкы басым кичи ишканаларды куруу, ачууга көңүл бөлүнсө дейм. Органикалык айыл чарбаны колдоо, азык-түлүк товарларын өндүрүүгө багытталган ишканалардын ишине дем берүү, ата-мекендик продукцияны өндүрүү көлөмүн көбөйтүү маанилүү.
Мээрим Бактыбек кызы