Аймактарда жол инфраструктурасы жакшыртылууда. Жаңы долбоор ишке ашууда
Жалал-Абад облусунда Кара-Дарыя – Нефти-Пром – Үч-Мазар – Дөш унаа жолун оңдоо жана кеңейтүү иштери жигердүү уланууда. Учурда долбоордун негизги курулуш этаптары аяктап, шагыл төшөө жумуштары жүргүзүлүп жатат.
Мурда 7 метрди түзгөн тар жана асфальтталбаган жол азыр 10–12 метрге чейин кеңейтилүүдө. Жол заманбап стандарттарга ылайык жаңыланып, транспорттук коопсуздукту жогорулатууга багытталган.
Жалпысынан 7,25 чакырым аралыкка биринчи жолу толук асфальт төшөө иштери аткарылууда.
Учурда объектте министрликтин атайын техникалары тартылып, курулуш иштери белгиленген графикке ылайык үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Долбоор ишке ашкандан кийин аталган аймактагы айылдардын ортосундагы каттам жеңилдеп, жергиликтүү тургундардын жүрүү шарттары кыйла жакшырмакчы.
Бул иш-чара Президент Садыр Жапаровдун аймактардагы жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча тапшырмасынын алкагында ишке ашырылууда.