Айнура Султанбаева: Рух Ордодо» дүйнөнүн обондору угулат
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттук оюндардын түрүнөн тышкары, маданий, илимий багыты камтылган. Мында көчмөн цивилизациянын мурастарын изилдөө жана эл аралык илимий конференцияларды өткөрүү пландалууда. Бул багыттагы суроолорубузга VI ДКОнун Эл аралык илимий-практикалык №3 секциясынын координатору Айнура Султанбаева жооп берди.
Айнура Жолдошбековна, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын соңку баскычтарында кандай иштер аткарылууда?
— Буга чейин бардык локацияларда кеңири уюштуруу иштери жүргүзүлдү. Ал эми бүгүнкү күндөгү милдет – бардык жердеги ар кандай компоненттерди бирдиктүү, үзгүлтүксүз иштеген механизмге бириктирүү болуп саналат. Ысык-Көлдөгү катышуучулар үчүн жатакана жайлары даяр. Кырчында, Чолпон-Ата ипподромуна жана маданий жайларга өзгөчө көңүл бурулууда. Инфраструктураларда акыркы текшерүүлөр жүрүп жатат. Балким, жыйынтыктоочу этаптагы эң татаал нерсе – бул жайды куруу же сахнаны даярдоо эместир. Ал миңдеген адамдардын, ондогон бөлүмдөрдүн жана жыш графикке негизделген иштердин аракетин так шайкеш келтирүүдө. Мунун баары конокко эч кандай күч-аракет жумшалбагандай жана табигый көрүнүшү керек. Дүйнөнүн башка бурчунан Кыргызстанга келген адам мунун артындагы зор уюштуруу иштерин эмес, жөн гана өлкөнүн меймандостугун сезиши зарыл.
— Оюндарга катышуу үчүн катталгандар активдүү эле болдубу?
— Ооба географиялык камтуу чындап эле таасирдүү болду. Акыркы маалыматтарга караганда, спорттук программага катышуу үчүн 112 өлкөдөн билдирмелер келип түштү жана үч миңге жакын спортчунун келиши күтүлүүдө. Бирок, мен жөн гана спорттук статистикадан тышкары нерселерге да көңүл буруу маанилүү деп ойлойм. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спортчулар менен катар Кыргызстанга окумуштуулар, музыканттар, салттуу маданиятты алып жүрүүчүлөрү, кол өнөрчүлөр, изилдөөчүлөр жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келишет. Мына ушул жерден таптакыр башкача көрүнүш ачылат. Бир нече күндүн ичинде Кыргызстан Борбордук Азия менен Сибирден тартып Африка, Түштүк Азия, Европа, Америка жана Океанияга чейинки мамлекеттердин ар кыл маданият, салттарынын жолугушуу жайына айланат. Бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири десек болот. Адам бул жакка мелдеш, конференция же музыкалык сынак үчүн келип, бирок өзүн алда канча кеңири маданий чөйрөнүн ичинде табат.
— Иш-чаранын коопсуздук, транспорт жана медициналык камсыздоо чараларына даярдык кандай көрүлдү?
— Иш-чаранын масштабын эске алганда, коопсуздукту камсыздоо бир гана мекеменин милдети боло албайт. Ал үчүн мекемелер аралык комплекстүү система талап кылынат. Спорттук жана массалык иш-чаралар өтүүчү жайларда медициналык кызматкерлер нөөмөттө болушат. «Кырчын» жайлоосунда болжол менен 60 адистен турган, 150 орундуу көчмө оорукана уюштурулуп, бейтаптарды шашылыш эвакуациялоо чаралары каралган. Ошол эле учурда, биз бул чаралар конокторго дээрлик байкалбай калышын каалайбыз. Мыкты коопсуздук системасы – бул адамдардын эркин жана ыңгайлуу сезүүсүнө тоскоолдук кылбастан, ишенимдүү иштеген система. Ал эми логистикалык иштер адам учакка отура электе эле башталат. Рейстерди, виза маселелерин, трансферди, мейманканага жайгаштырууну, аккредитацияны жана ар бир катышуучунун жеке графигин координациялоо зарыл. Аккредитациядан өткөн делегациялар тосуп алуу, жайгаштыруу жана оюндардын негизги жайларынын ортосунда ташуу кызматтары менен камсыз кылынат.
— ДКОдо спорттук оюндардан тышкары маданий, музыка бөлүгү да өзгөчө орунда турат. Бул жаатта кандай иш-чаралар өтөрү мерчемделди?
— Спорттук мелдештер көчмөн элдердин күч-кубатын жана чеберчилигин көрсөтсө, «Рух Ордо» алардын үнүн дүйнөгө жеткирүүгө шарт түзөт деп айтар элем. Ал жерде салттуу музыка аткаруучуларынын эл аралык сынагын камтыган «Көчмөндөр санаты» салттуу музыканын эл аралык фестивалы өткөрүлөт. Бул жөн гана катышуучулар биринин артынан бири сахнага чыккан жай болбойт. Мында өз ара баарлашуу жана алака түзүү үчүн мейкиндик жаратуу көздөлүүдө. Программага сынак мүнөзүндөгү чыгуулар, концерттер, мастер-класстар жана биргелешкен музыкалык сессиялар камтылган. Катышуучулардын курамынын өзү эле бул иш-чаранын масштабын айгинелеп турат. Сахнада Тыванын тамак менен ырдоо өнөрү (горловое пение) жана салттуу жапон музыкасы, казактын домбрасы менен жетигени, моңголдордун морин хууру, корейлердин гаягымы, ирандык томбак, даф жана барбат, түрк сазы, тажик жана өзбек дутары, ганалык сеперева, индиялык бансури, сарод жана табла, ошондой эле жапондордун шамисени менен тайкосу бириктирилет. Бир нече өлкөлөрдөн, аймактардан салттуу музыка аткаруучулар келишет. Алардын арасында салтты түздөн-түз үй-бүлөсүнөн жана жамаатынан мурастап алган инсандар – аспап жасоо чеберлери, жомокчулар, фольклорчулар, аткаруучулар жана окутуучулар бар. Маселен, Жаңы Зеландиядан маори маданиятынын алып жүрүүчүсү жана *taonga pūoro* (маорилердин салттуу музыкалык аспаптары) аткаруучусу келет. Ганадан үй-бүлөлүк салтты уланткан *seperewa* аспабынын чебери келет. Тыва Республикасынан *khoomei* (тамак менен ырдоо) өнөрүнүн чеберлери келишет. Ал эми Япониядан *shamisen* жана *taiko* барабандарында салттуу элдик музыканы аткаруучу келет. Фестивалдын ардактуу конокторунун катарында Якутиядан келген «Аярхаан» жана Казакстандан келген «HasSak» этно-фольклордук топтору болот. Ошондуктан «Рух Ордодо» дүйнөнүн музыка жаңырат.
— Илимий форумдун башкы темалары кайсылар болот?
— Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорт, маданият жана илим сыяктуу бири-бири менен тыгыз байланышкан үч негизги багытка таянат. Конференциянын ишине 45 окумуштуу офлайн, 30га жакын окумуштуу онлайн форматта катышат. Мындай көрсөткүчтөр көчмөн элдердин маданий мурасын изилдөө маселесине эл аралык илимий коомчулуктун кызыгуусу жогору экендигин айгинелейт. Ал жерден маданий мурастарды изилдөөнүн бүтүндөй заманбап спектрин даана көрүүгө болот. Ал жерде оозеки салттарга жана маданий эс-тутумга арналган абдан күчтүү бөлүм бар. Индиялык изилдөөчүлөр аткаруучулук өнөр, көчмөндүк жана тарыхый эс-тутумдун ортосундагы байланыш катары аңгеме айтуу салттарын карап чыгышат. Көрүүчүлөргө ат оюндары боюнча таймаштарды көрсөтүүгө, ошондой эле аларды эпосторду угууга же салттуу музыкалык аспаптардын үнү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүүгө болот. Бирок илим мындай суроого жооп берет. Булардын баары бүгүнкү күндө эмне үчүн маанилүү жана бул мурастын кайсы бөлүктөрүн кийинки муунга өткөрүп беришибиз керек? Борбордук академиялык иш-чара «Көчмөн цивилизациялар: мурас, парадигмалар жана келечек» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болот. Окумуштуулар кылымдар мурун көчмөн коомдор кандай болгонун гана эмес, салттуу маданияттын азыркы абалын да изилдешет. Ал санарип доорунда кандай өнүгүп жатат, оозеки мурасты кантип сактоо керек жана архивдердин, билим берүүнүн, социалдык медианын, жасалма интеллекттин жана маданий индустриялардын ролу талкууланат. Бул илимий программанын эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири — №3-секциянын камтуу чөйрөсү 22 өлкөнү өзүнө камтыйт. Катышуучулардын катарында окумуштуулар, этно музыка таануучулар, жогорку окуу жайларынын профессорлору, ири эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана – эң негизгиси – «жандуу» салттарды алып жүрүүчүлөр менен изилдөөчүлөрдүн өздөрү бар. Презентациялардын темаларына көз чаптыруу менен заманбап мурас изилдөөлөрү фольклорду жөн гана сүрөттөө деңгээлинен канчалык алыс кеткенин байкоого болот. Маселен, Ференц Лист атындагы Музыка академиясынын венгриялык изилдөөчүсү Матяш Бойя санариптик этно музыка таануу темасында, тагыраак айтканда, обондорду талдоо жана салттуу музыканын маалымат базаларын башкаруу үчүн жасалма интеллектти колдонуу маселеси боюнча баяндама жасайт. Гана университетинин профессору жана ICTMD Аткаруу комитетинин мүчөсү Дэниел Кодзо Аворгбедор социалдык медиа тууралуу, ошондой эле алардын бүгүнкү күндө салтты бир эле учурда өзгөртүп, жайылтып жана аны өз алдынча архивдөөчү мейкиндикке натыйжалуу айланып жатканы жөнүндө сөз кылат. Бул толугу менен заманбап маселе.
— Көчмөндөр дүйнөсүнө байланыштуу жаңы жыйнактардын бет ачары болобу?
— Ооба, бирок бул жөн гана «архивди санариптештирүүгө» караганда алда канча кеңири мааниде каралат. Маселен, казакстандык изилдөөчү Валерия Недлина 21-кылымдагы музыкалык салттын жашоосундагы архивдин ролун талкуулайт. Профессор Пин Чен – эл аралык элдик чыгармачылык уюмунун (IOV) президенти жана ЮНЕСКОнун төрайымы – инновациялар жана чыгармачыл индустриялар аркылуу материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча түшүнүктөрдү тартуулоо үчүн Кытайдан келет. Корея Республикасынын өкүлү Мун Хён Сок балким эң жөнөкөй, бирок ошол эле учурда эң татаал суроолордун бирин ортого салат: салттуу маданиятты келечек муундарга кантип өткөрүп берүү жана алардын арасында кантип жайылтуу керек? Бул жагынан алганда, технология ¬ болгону бир гана курал. Анткени, эң мыкты санариптик архивди түзүүгө болот, бирок эгер жаш муун кайсы бир музыкалык чыгарманын же салттын маани-маңызын түшүнбөсө, маселени бир гана архив чечип бере албайт. Ошондуктан, бул талкуу билим берүүнү, үй-бүлөдөгү билимдин муундан муунга өткөрүлүшүн жана устаттын ролун да камтыйт. Бул жагынан алганда, жапон профессору Михо Ямажи сунуштаган тема абдан үлгүлүү: ал – жапон кото мектебинин мисалында көрсөтүлгөн, музыкалык мурасты сактоонун механизми катары «устат-шакирт» салты. Бул – сактоонун таптакыр башка жолу: компьютер аркылуу эмес, түздөн-түз адамдан адамга өткөрүү жолу. Менимче, дал ушул эки ыкманын – санариптик жана жандуу аткаруунун – бири-бирине карама-каршы коюлушу бул бөлүмдү өзгөчө кызыктуу кылып турат.
— Мелдештер аяктаган соң алдыга коюлган максаттарга жетүү, өлкөлөр ортосундагы байланыштар дагы да кеңейеби?
— Албетте, спорттук жыйынтыктар, концерттик жазуулар, академиялык басылмалар жана жаңы эл аралык байланыштар болот. Бирок мен мындан башка дагы бир нерсе кала беришин каалайм. Көчмөндөрдүн маданияты кээде өтө кооз, бирок өткөнгө таандык нерсе боз үй, ат, эпос, улуттук кийим, байыркы аспап катары кабылданат. Бирок бул оюндар такыр башка нерсени: жандуу маданиятты көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал өз тамырын жоготпостон туруп, жасалма интеллект жана санариптик архивдер менен өз ара аракеттенип, эл аралык илимий изилдөөлөрдүн предметине айланып, Африка, Азия, Европа жана Океания элдеринин музыкасы менен үндөшүп, ошондой эле заманбап билим берүү жана маданий индустрияларга интеграциялана алат. Эгерде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин коноктордун жок дегенде бир бөлүгү Кыргызстандан кетип жатып, көчмөн элдердин мурасы жөн гана музей экспонаты эмес, тескерисинче, дүйнөлүк маданияттын зор жана жандуу катмары экенин түшүнүп калышса, анда оюндардын эң маанилүү максаттарынын бири ишке ашкан болот.
Мээрим Бактыбек кызы