Айыл чарбага 22 млрд сом, экологияга 3,6 млрд сом: депутаттар бюджетти жактырышты
Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралды.
Аталган маселе боюнча маалымат берген финансы министри Руслан Суйналиев 2027-2029-жылдары экономикалык өсүштүк туруктуу темптеринин сакталышы болжолдонуп жатканын белгилеп: “Анын ичинен ички дүң продукциянын реалдуу өсүүсү жылына 8,7% деңгээлинде болору күтүлүүдө. Тагыраагы 2027-жылы номиналдык көлөм 2,7 трлн сомдон 2029-жылы 3,7 трлн сомго чейин көбөйөт. Ал эми консолидацияланган бюджеттин ресурстары 2027-жылы 1 трлн 54 млрд сомдон 2029-жылы 1 трлн 181 млрд сомго чейин жогорулашы болжолдонууда”, – деди.
Андан тышкары, салыктык кирешелер 2027-жылы 634 млрд сомдон 2029-жылы 779,9 млрд сомго чейин көбөйө тургандыгы айтылды.
Талкуу маалында депутат Алтынкуль Мурзакимова Тогуз-Торо районундагы Атай айыл өкмөтүндө салынып жаткан бала бакчанын курулушуна 10 млн сом жетишпей жатканын айтып, министрди көзөмөлгө алууга чакырды.
Ал эми депутат Махабат Мавлянова жер-жемиштердин жаңы сортторун, мал-жандыктын жаңы тукумдарын чет өлкөдөн ташып келүүдөн мурун, өзүбүздө өндүрүп чыгаруучу лабораториялык изилдөөлөргө басым жасоо керектигин айтып, органикалык үрөндөрдөрү көбөйтүү маселесин да көтөрдү.
Депутат Алишер Козуев айыл чарба жана экология тармактарына канча каражат каралып жатканына кызыгып, бир катар инфраструктуралык көйгөйлөргө токтолду. 

Өз кезегинде министр Руслан Суйналиев 2027-жылы айыл чарба тармагын тейлеген министрликке 22 млрд сом, экология тармагын тармагын тейлеген министрликке 3,6 млрд сом каралып жатканын маалымдады.
Андан тышкары, депутат Табылды Муратбеков жерлерди трансформациялоодогу айрым жагдайлар тууралуу сөз кылып, ветеринардык дарыканалардын ишине карата бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү зарылчылыгын да кошумчалады.
Депутат Эркеайым Сейтказиева Бишкек-Токмок унаа жолунун курулушуна байланышкан тактоочу суроолорду узатып, Ысык-Ата районундагы социалдык-ирригациялык көйгөйлөрдү да көтөрсө, депутат Умбеталы Кыдыралиев экономика өскөнү менен анын жетишкендиктерин инфляция алып коюп жатканын билдирип, жагдайды жөнгө салуу зарылчылыгын белгиледи.
Ошондой эле депутат Айбек Алтынбеков Базар-Коргон районундагы сугат жана таза суу долбоорлорун аягына чыгаруу жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.
Талкууну жыйынтыктап жатып комитет төрагасы Кубанычбек Самаков 2026-жылга карата капиталдык салымдар беренесинин алкагында Нарын шаарына, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондоруна канча каражат каралганын тактап, башталган айрым курулуштарды бүткөрүү талабын койду. Муну менен катар балык чарбачылыгын колдоо жаатындагы жагдайга токтолду.

Алсак, министр белгилегендей, быйыл Нарын шаарына 436 млн 100 миң сом, Ат-Башы районуна 324 млн 739 миң сом, Ак-Талаа районуна 652 млн 849 миң сом, Нарын районуна 720 млн 925 миң сом каралып, алардын 90%дан ашууну бөлүнүп берилген.
Жыйынтыгында айтылган сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.