Айгүл Жапарова жетектеген «Үмүт булагы» фондун кимдер каржылайт? — ВИДЕО
КР Президенти Садыр Жапаровдун айтымында, Айгүл Жапарова жетектеген «Үмүт булагы» фонду 2010-жылы негизделген. Фонд муктаждарга жардам көрсөтүп келген.
“Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” реабилитациялык борборунун курулушуна жардам көрсөтүү иретинде Айгүл Жапарова “Үмүт булагы” фондунун атынан 500 миң сом берген. Бул каражатты Жапаровдордун үй-бүлөсүнүн атынан берилген болчу. Билесиздер, мен 11 бир тууганмын, бирөө каза болуп калган. Азыр 10 бир тууганбыз. Ар бирибиздин борбордун курулушуна кошкон салымыбыз болсун деп 50 миң сомдон чогултуп, бир туугандар Айгүл Жапаровага тапшырышкан. Ал болсо акчаны тапшырып бергенде эч нерсе түшүндүрбөстөн, берип коюп кетип калган”, — деди мамлекет башчысы.
Садыр Жапаровдун толук жообун төмөнкү видеодон көрө аласыздар: