Айсулуу көңүл чордонунда
Көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалына балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү тартылып жатканы социалдык тармактарда тарады. Сүрөттү DOХА арт-группасы тартып жатканы маалым болду.
Токио- 2020 олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбековага болгон элдин урмат, сыйын дагы да тереңдетип, жайылткан сүрөтчүлөргө интернет колдонуучулар ыраазычылыктарын билдиришүүдө.