Айсулуу Мамашова: «Бензинди баасы асманга жетти муну ким көзөмөлдөйт?»

8-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 21

Кыргызстанда бензин жана автогазга болгон бааны көзөмөлдөгөн органдарды парламентке чакыруу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеӊештин депутаты Айсулуу Мамашова парламенттин кезектеги жыйынында билдирди.

«Бензин жана автогазга болгон баа асман чапчыды. Муну ким текшерип жатат? Биз нефтетрейдерлердин жана тиешелүү органдардын өкүлдөрүн чакырып бул маселени талкуулабасак болбой калды», — деди Мамашова.

Анын айтымында, куйүүчү майдын кымбатташы тамак-ашка болгон баасынын өсүшүнө алып келип жатат.

«Бул ар бир жарандын жашоосуна терс таасирин тийгизип жатат. Дүкөнгө барсан баалар күн сайын өсүп жатат», — деди депутат.

8-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X