"Эркин-Тоо"

Айсулуу Тыныбекова төртүнчү ирет Азия чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова Алматы шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болду.

Ал 16-апрелде, 62 килограммга чейинки салмак категориясындагы турнирде чыккан. Тайпалык этапта Тыныбекова индиялык, казакстандык, кореялык спортчуларын жеңип, жарым финалга өттү.

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык балбан кыз өзбекстандык спортчу менен күрөшүп, жеңишке жеткен.

Финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекова монголиялык спортчу менен беттешип, 11: 0 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болду.

Бул Тыныбекованын чоңдор арасындагы Азия чемпиондугундагы төртүнчү жолку жеңиши. Ал, 2016-жылы Таиландда, 2017-жылы Индияда  жана 2019-жылы Кытайда   өткөн турнирлердин жеңүүчүсү болгон.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!