Айыл чарбасындагы 40 мыкты ишкерге 25 миң сомдон берилет
Үстүбүздөгү жылдын 18–21-февраль күндөрү «Агродиалог–2026» агроөнөр жай форумунун алкагында айыл чарба тармагындагы 40 мыкты ишкерге 25 миң сомдон сертификат тапшырылат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Быйыл айыл чарба тармагындагы мыкты ишкерлерди колдоого 1 миллион сом каражат бөлүнүп, ар бирине 25 миң сомго сертификат берилет.
Маалыматка ылайык, тандоо ачык тартипте жүргүзүлдү. Мал чарбачылыгы боюнча 80ден ашык арыз түшүп, алардын ичинен 20сы мыкты деп табылды. Өсүмдүк өстүрүү багытында дагы 20 ишкер жеңүүчү болду.
Форум учурунда алар өз иштерин, жетишкендиктерин жана колдонуп жаткан ыкмалары тууралуу баяндама жасашат.
Бул иш-чара айыл чарбасында ийгиликтүү иштеп жаткан жарандарды колдоого жана алардын тажрыйбасын жайылтууга багытталган.