Ак-Босого конушунда жол курулушу уланат. Мэр жергиликтүү тургундар менен жолукту

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жол куруу маселеси боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, талаш жараткан жер тилкесине байланыштуу кырдаалды талкуулады.

Жолугушууда жол куруу иштерине жер тилкесине укугу бар экенин билдирген жарандын тоскоолдук жаратып жатканы айтылды. Ошол эле учурда жер тилкесине болгон укукту тастыктаган документтерди кошумча текшерүү зарылдыгы белгиленди.Возможно, это изображение один или несколько человек, толпа и текст

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам талаптарын сактоо менен жол куруу иштерин улантуу чечими кабыл алынды. №70 кварталдын жашоочулары да курулушту улантууну колдоп, жаңы жол бүтүндөй конуш үчүн маанилүү экенин белгилешти.

Мечиттин тагдыры да талкууланды. Мэр аталган объектинин коомдук маанисине токтолуп, аны сактап калуу зарылдыгын баса белгиледи. Мечитти мындан ары максаттуу пайдалануу үчүн Муфтияттын карамагына өткөрүп берүү пландалууда.

Айбек Джунушалиев тиешелүү кызматтарга жер тилкесине байланыштуу документтерди текшерип, кырдаалга укуктук баа берүүнү тапшырды.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Мэрдин айтымында, негизги максат — тургундардын кызыкчылыгын эске алуу менен жол курулушун улантуу жана конуштун инфраструктурасын өнүктүрүү.

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X