«Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгы тапшырылат
Сыйлык тапшыруу аземи 1-октябрда «Манас» кинотеатрында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
«Иш-чара эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына, президенттин жарлыгын аткарууга жана эл аралык маданий мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган»,- делет маалыматта.