Ак-Ордодогу жаңы мектепте парта жок деген маалымат жалган
Бишкектин Ак-Ордо конушундагы жаңы мектепте парта жана отургучтар жок деген видео социалдык тармактарда тарады. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги бул маалыматты төгүндөдү.
Министрликтин маалыматына ылайык, 750 орундуу мектеп долбоорго ылайык бардык керектүү эмерек, жабдуу жана инвентарлар менен камсыздалган. Анын ичинде окуучулар үчүн тиешелүү сандагы парта-отургучтар да бар.
Мектеп бир нөөмөттө 750 окуучуга эсептелген. Эки нөөмөттө иштеген учурда 1500 окуучуга чейин билим ала алат.
Мектептин курулушу 2025-жылдын декабрында башталган. Үч кабаттуу окуу корпусу төрт блоктон турат.
Учурда мектептин курулуш иштери толугу менен аяктап, пайдаланууга берүүгө даяр. Жакынкы күндөрү анын расмий ачылышы өтөт.
Министрлик социалдык объектилер боюнча такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды. Мекеме боюнча кошумча маалыматты министрликтин расмий баракчаларынан алууга болот.