Ак-Суу районунда 75 млн сомдук социалдык багыттагы кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылды

30-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 139

Ак-Суу районунун прокуратурасы тарабынан мамлекеттик менчик жөнүндө мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, 1993-жылы 2 га жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу “Алтын-Булак” санаторийи, ошондой эле 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы жалпы 0,51 га жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, базар баасы 71,6 млн сомду түзгөн санаторий жана 3,43 млн сомду түзгөн 0,51 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

30-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 139
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X