Ак-Тилек конушунда 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу уланууда

9-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 113

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Тилек конушунда жайгашкан Ак-Шоокум көчөсүндө 100 орундуу жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулуш иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган бул объект Свердлов районунун аймагында жайгашып, жергиликтүү тургундардын балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Жалпы жер тилкесинин аянты 0,2179 гектарды түзсө, имараттын жалпы аянты 1042,05 чарчы метрди камтыйт.

Учурда курулушта кирпич дубалдарын тургузуу иштери толугу менен аяктап, ички жасалгалоо жана электр монтаждоо иштерин жүргүзүү уланууда.

9-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 113
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X