Аксакал айдоочуну коркуткан жарандар жоопко тартылды

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 148

Ошто өзүн милиция кызматкери катары көрсөтүп, улгайган айдоочу менен жаңжалдашкан эки жаран кармалды.

Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, анда жарандардын бири айдоочуну ИИМдин убактылуу кармоочу жайына камай турганын айтып коркутканы тартылган.

Милициянын маалыматына ылайык, текшерүүдө эки жарандын тең укук коргоо органдарына тиешеси жок экени аныкталды. Алар сөздөрүн ачууланып айтып алганын билдирип, айдоочудан кечирим сурашкан.

Учурда аларга карата майда бейбаштык фактысы боюнча чара көрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 148
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X