АКШда Хеллоуин учурунда 6 ок атышуу болгон

1-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 20

Англис тилдүү өлкөлөрдүн майрамы болуп эсептелген Хеллоуин кечеси болуп жатканда Америка Кошмо Штаттарында ок атышуу болгон. Бул тууралуу The Sun жазды.
Маалыматка караганда, 29-31-октябрь күндөрү Техаста – 2, Калифорнияда – 2, Иллинойста -1, Нью-Мексикодо -1 болуп жалпы 6 ок атышуу катталган. Кырсыктын айынан 6 адам каза болуп, 33 адам ар кандай жаракат алышкан. Эксперттер мындай адам өлтүрүүнү болуп көрбөгөндөй көрсөткүч деп белгилешет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X