"Эркин-Тоо"

Аксыда милиция кызматкери кармалды

Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында күкүрт кислотасын сатууда милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-март күнү Аксы районунун Кербен шаарында мурда аткезчилик жол менен «күкүрт кислотасы» алынып келинген материалдарды сатуу учурунда, Аксы РИИБнын кызматкери, 1986-жылы туулган тургуну М.А. үйүнөн 563 килограмм 700 грамм күкүрт кислотасы алынган.

Буга чейин аталган жаран Ош облусунун аймагында 330 кг 950 гр «күкүрт кислотасы» прекурсорлорун саткан. Алынган прекурсорлордун жалпы салмагы 894 кг 650 гр түзгөн.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда аталган кылмышка тиешеси бар жарандарды аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!