Аксыда мөмө-жемиш сактоочу соода-логистикалык борбор ишке кирди

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мөмө-жемиштерди сактоо жана сатууга даярдоо үчүн жаңы соода-логистикалык борбор ишин баштады. Кожо-Ата айылындагы борбордун ачылыш аземине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова катышты.

«Бакча» айыл чарба кооперативине караштуу борбор жылына 300 тоннага чейин айыл чарба продукциясын сактоого ылайыкталган.Возможно, это изображение один или несколько человек, фрукт и текст "Пиолдна ROB Энросадира Энросадира дгарита гарита"

Эми жергиликтүү дыйкандар түшүмүн сактап гана тим болбостон, аны сорттоп, таңгактап, рынокко жана экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк алышат.

Ачылыш аземинде Рысгүл Акимжанова мындай борборлор аймактардагы айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

«Бул борбордун ишке киргизилиши жергиликтүү дыйкандар жана өндүрүүчүлөр үчүн продукцияны сактоо, сорттоо, таңгактоо жана экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт», — деди министрдин орун басары.

Анын айтымында, мындай долбоорлор айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүп, аймактарда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.Возможно, это изображение один или несколько человек

Иш-чарага Аксы райондук администрациясынын, айыл өкмөттөрдүн, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X