"Эркин-Тоо"

Акылбек ЖАПАРОВ: “Биз эч кимди тууганым экен, досум экен деп карабайбыз”

“Токсонунчу жылдар.” Ушул сөз өткөөл мезгилди, Бир миң тогуз жүз токсонунчу жылдардагы бир доордун кыйрап жок болуп, экинчи бир доордун түптөлүү мезгилиндеги орошон учурду, мыйзамсыздыктын негизинде жаралган коомду “көчө балдарынын башкарып калуусун” эске салат. Андагы баш увазир Т.Чыңгышевдин, “Кыргызда бир гана келесоолор менен жалкоолор уурдабайт” деген урааны менен жашаганыбызды кантип унутабыз.

Эмнегедир акыркы мезгилде күч түзүмдөрү тарабынан биринин артынан бири коррупцияга шектелип кармалып жаткан мамлекеттик кызматкерлер, фискалдык органдардын өкүлдөрү, анан да жеке мыйзамын орнотуп, карактоого, талап тоноого, өз өкүмү менен бирин-бири жазалап, адам өлтүрүүгө чейин шектелип жаткан жарандык коомдун өкүлдөрү жасап жаткан кылмыш иштери кайрадан ошол “токсонунчу жылдарды” эске салат.

“Бут эле кирет, бут эле кирет, куттан кабар жок” демекчи, УКМК баш болгон мамлекеттик күч түзүмдөрү четинен кармап эле атат, бирок коррупционерлердин токтоор түрү жоктой сезилет. Өткөн аптада Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкеринин коррупцияга шектелип кармалышы уюшкан кылмыштуу топтон эмне айырмасы бар? “УКМК тарабынан кармалган бажычылардын арасында башкы прокурордун бир тууган кайниси бар экен” — деген имиш сөз интернет айдыңындагы социалдык тармактарда ар кандай талкуу жаратып, “К.Ташиев менен К.Зулушевдин ортосунда тирешүү жаралдыбы деген күмөн саноого чейин жетип токтоду.

Кармалгандар Кытай Эл Республикасынан жеке кызыкчылыкты көздөп мыйзамсыз товар ташыган атайын коррупциялык туруктуу схеманы түзгөн деп шектелип, жеке компаниялар менен ич-ара сүйлөшүп алып, өз максаттарын ишке ашырганы кабарланды. Бул ишке катышы бар жеке компаниялардын үч өкүлү да кошо кармалганы айтылууда. Алар түзгөн коррупциялык көмүскө схемада, транзит аркылуу Кытайдан Өзбекстанга өткөрүлө турган жүктөр Кыргызстандын аймагында түшүрүлүп калып, Өзбекстанга жүгү жок бош унаалар кирип-чыгып турганы тастыкталган. УКМК коррупциялык ишке аралашкан жеке компаниялар менен анда кызматташкан адамдардын аттарын ачыктай элек. Алгачкы берилген маалымат боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү бир млрд сомду түзгөнү айтылууда. Коомчулукка мынчалык чуу жараткан бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык жеке компаниялар, алар менен тымызын кызматташкан адамдардын өздүгү жана мамлекетке келтирилген зыяндын так көлөмүн тергөөнүн жыйынтыгы, соттун чечими аркылуу аныкталары, ар кимиси мыйзам чегинде өз жазасын алары талашсыз. Болгону, мындай көрүнүш эмнеге токтобой жатканы коомчулукту түйшөлтүп келүүдө.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев интернет айдыңындагы социалдык тармактарда бүйүр кызыткан талаш пикир күчөп жаткан маалда кармоолор боюнча түшүндүрмө берип, Башкы прокурордун кайниси кармалганын ырастап, бирок экөөнүн ортосундагы тирешти четке какты. “Мамлекеттик жогорку кызматта иштеген адамдардын жакындары эгерде мыйзам бузса, анда аларга эч кандай аё болбойт, башкалардай алар да мыйзам чегинде жоопко тартылат. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасынын негизинде биз мыйзам бузган адамдардын эч кимисин аябайбыз. Башкы прокурордун кайнисинин кармалышын трагедия же тирешүү деп кабыл албаш керек. Бул адаттагыдай эле мыйзамдуу көрүнүш”, — деп күдүк ойго чекит койду.

Бажы тармагы Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин толтурган эң негизги булактардын бири экени маалым. Бирок, эң коррупциялашкан мекеме экени коомчулук арасында дайыма айтылып келет. Жыл башында Жогорку Кеңеште берген маалыматында КР Бажы кызматынын Төрагасы Самат Исабеков бул структурада коррупцияны толугу менен жойгонун кабарлап, 2022-жылы бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында эң жогорку көрсөткүчкө жетишкенин сыймыктануу менен шардана айткан эле. Айтып оозун жыйганча, арадан 2 (эки) ай өтпөй алты жооптуу кызматкеринин коррупцияга шектелип кармалышы Самат Исабековдун кандай жетекчи экенин коомчулукка көрсөтүп койду.

Өткөн 2022-жылдын аяганда Бажы кызматынын ишине баа берүү анчейин жагымдуу маанай жарата алган эмес. Бажы кызматына коюлган (98,5 млрд сом) кирешелердин планы толук аткарылбай, жыл аягына чейин 24 млрд сомдой акча каражаты мамлекеттик бюджетке түшпөй калуу коркунучу айтылган. КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров да бул маселе боюнча Жогорку Кеңеште билдирүү жасап, жыл аягында ишин талапка ылайык аткара албаган жетекчилерге чара көрүлөрүн эскерткен. “Ушул жылдын 20-декабрында бардык министрликтердин, агенттиктердин ишинин жыйынтыгын чыгарабыз. Президенттин, парламенттин жана өкмөттүн тапшырмаларын так аткарбаган жетекчилер менен коштошобуз. Жакында эле төрт министрди иштен алдык. Биз эч кимди “тууганым экен, досум экен” деп карабайбыз. Ошонун ичинде Бажы кызматы дагы бар,” – деп эл өкүлдөрүнө сөз берген эле Акылбек Жапаров. Эл арасында эми кандай чечим кабыл алат экен деген суроолуу көздөр карап турганы баарына маалым болушу керек. Мамлекеттик тармактардагы көмүскө коррупциялык схемалар качан, кимдер тарабынан түзүлүп, кайсыл жеке адамдар үчүн иштеп келгенин ачыктап, мамлекеттин казнасына миллиарддаган зыян келтиргендерди мыйзам чегинде ачык жоопко тартпаса, эл арасында күбүр-шыбыр күн өткөн сайын кайрадан жанданарында шек жок. Эгер чындап “тууганым экен, досум экен” деп карабаса, анда чечкиндүү кадамдарга барууга мезгил келди.

Бахпурбек АЛЕНОВ
№21 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 24-марты

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!