"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров кассалык аппаратты орнотууга убактылуу мораторий киргизди

Акылбек Жапаров кассалык аппаратты орнотууга убактылуу мораторий киргизди. Бул тууралуу ал митингчилерлин алдына сүйлөп жатып билдирди.

«Чоң дүкөндөрдө ККМ иштейт. Кичине дүкөндөрдүн баарынын патенттеринин баасын көтөрөлү. Жайгашкан жерине жараша көтөрөлү. 2000-жылы патентти киргизген менмин. Силер менен отуруп, чечишели. Счет-фактураны өзүнчө карайлы. Муну арак, тамеки, дары, нефть, алтын саткандар экөөнү тең колдонот. Азык-түлүк саткандарды бошотуп койгонго даярмын. Кичине дүкөндөр болсо. 10 кишини мага бериңиздер. Азыр баарын токтотуп турабыз. Андан соң, ар бириңердин дүкөнүңөргө баралы. Ошол жерден көрөйүн. Элди ачка калтырбайбыз. 10 күнгө мораторий жарыялап жатабыз. Патентти карайбыз. Колуңардан келген салыкты төлөгүлө», — деди Жапаров.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!