"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров: Жыл сайын өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга 4 млрд сом бөлүнөт

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Россияда чыгарылган 40 өрт өчүрүүчү унаа тапшырылды.

Бишкектеги Эски аянтта өткөн тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россиянын Жарандык коргонуу иштери, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, эки мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген келишимдердин алкагында бүгүн кыргыз тарапка Россияда өндүрүлгөн 40 даана өрт өчүрүүчү унаа өткөрүлүп берилүүдө.

«Жыл сайын биздин республиканын аймагында 200дөн ашык ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар катталат. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттеринен келтирилген материалдык чыгым 4 млрд сомду түзөт. Бул техниканы алуу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчү унаалар паркын толугу менен жаңыртып, куткаруучуларыбыздын ишин бир топ жеңилдете алабыз деп ишенем», — деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков белгилегендей, атайын техника Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн арналып жасалган, атап айтканда, россиялык өндүрүүчү тарабынан чет элдик кесиптештердин каалоолору: өрт өчүрүүчү депонун типтүү өлчөмдөрү, автомобилдин бийиктиги, ошондой эле пайдалануу шарттары жана техникалык тейлөө мүмкүнчүлүктөрү эске алынган.

«Биздин өрт өчүрүүчү унаалардын техникалык мүнөздөмөлөрү татаал климаттык шарттарда өрттү натыйжалуу өчүрүүгө мүмкүндүк берет. Алар мегаполистердин шартында, айыл жергесинде жана тоолуу аймактарда өтө ыңгайлуу», — деп жыйынтыктады Александр Куренков.

Белгилей кетсек, өрт өчүрүүчү цистерналар «КАМАЗ» унааларынын базасында 6000 литр суу багы жана 360 литр көбүк менен иштейт, насостун кубаттуулугу секундасына 40 литр сууну түзөт. Автоунаа ар кандай диаметрдеги 18 өрт түтүктөрү менен жабдылган. Мындан тышкары гидрант, арыктардан (көлмөлөрдөн) суу чогултуучу гидроэлеватор жана керектүү авариялык жабдуулар жана шаймандар бар. Ошондой эле өрт өчүрүүчү цистерна айыл жеринде жана тоолуу аймактарда өрттү натыйжалуу өчүрө турган ар кандай узундуктагы 3 тепкич менен жабдылган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!