Акын айымдар арасында сынак жарыяланды

27-февраль, 2026-ж. / Редакция / Адабият 138

Улуттук жазуучулар союзу Кыргыз эл акыны Тенти Жунушбаева-Адышева атындагы республикалык ыр сынагын жарыялайт.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, сынак кыргыз поэзиясындагы аялзатынын ордун бекемдөө, жаңы таланттарды ачуу жана көркөм сөз өнөрүнүн мыкты үлгүлөрүн аныктоого багытталган.

Сынактын башкы максаты – кыргыз тилинин кайталангыс көркөмдүүлүгүн, сөз байлыгынын кенендигин жана руханий тереңдигин даңазалоо. Ошону менен катар акын кыз-келиндердин талантын ачып, алардын чыгармачылык дараметин эл алдына чыгарып, поэзия айдыңына жаңы дем берүү көздөлөт. Бул демилге улуттук сөз өнөрүнүн салтын улап, аял акындардын үнүн чыгарып, алардын ички дүйнөсүн, ой толгоосун колдоого багытталган. Сынактын жыйынтыгында кыргыз поэзиясындагы мыкты акын айым аныкталып, чыгармачылык изденүүгө жаңы дем, жаңы шыктануу берилмекчи.

Өтүү мөөнөтү

Тандоо туру: Чыгармалар 2026-жылдын 5-февралынан 30-апрелине чейин кабыл алынат.

Баалоо этабы: 2026-жылдын 1-майынан 15-майына чейин.

Катышуу шарттары:

Сынакка 18 жаштан жогорку акын айымдар катыша алышат. Ар бир катышуучу кыргыз тилинде жазылган, мурда эч жерде жарыяланбаган, 2ден 10 куплетке чейинки бирден үчкө чейин ырын жөнөтөт.

Чыгармалар төмөнкү техникалык талаптар менен кабыл алынат:

  • WORD форматында;
  • Times New Roman, 14 өлчөм;
  • 1,5 интервал.

Ырлар аты-жөнү көрсөтүлбөстөн номер аркылуу калыстар тобуна сунушталат. Чыгармаларды поэзия чөйрөсүндөгү адистерден турган 5 адамдан турган калыстар тобу төмөнкү критерийлер менен баалайт: поэтикалык форманы өздөштүрүүсү, тил жана чеберчилик, таасирдүүлүк, образдуулук, жаңычылдык.

Баалоо 10 баллдык система менен жүргүзүлөт.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо

Сынактын жыйынтыгы атайын уюштурулган адабий кечеде жарыяланып, жеңүүчүгө 100 000 сом өлчөмүндөгү сыйлык ыйгарылат.

Чыгармаларды кабыл алуу

Ырлар төмөнкү электрондук дарек аркылуу жөнөтүлөт: jazuuchular@gmail.com

Байланыш үчүн: +996 (554) 94-90-20

27-февраль, 2026-ж. / Редакция / Адабият 138
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X