«Ала-Тоо Резортто» 1 035 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайдын курулушу аяктап калды

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102

«Ала-Тоо Резорттун» аймагында заманбап инфраструктураны кеңейтүүгө багытталган иштер уланууда. Учурда №1 унаа токтотуучу жайдын курулушу жыйынтыктоочу баскычка өттү.

Жаңы унаа токтотуучу жайдын жалпы аянты 22 792 чарчы метрди түзүп, 1 035 унаага ылайыкталган.

Бүгүнкү күндө объекттин аймагында асфальт-бетон жабуусунун акыркы катмарын төшөөгө даярдык иштери жүрүп жатат. Тактап айтканда, учурда битумдук сиңирүү катмары төшөлүүдө.Возможно, это изображение текст

Кийинки этапта унаа токтотуучу жайдын асфальт-бетон жабуусунун акыркы катмары төшөлөт.

Курулуш иштеринин негизги бөлүгү аткарылып, объектти бүткөрүү боюнча акыркы иштер жүрүп жатат.

№1 унаа токтотуучу жайдын ишке кириши «Ала-Тоо Резорттун» инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X