«Алдыда чоң иштер турат»: Жапаров ШКУ лидерлерине ыраазычылык билдирди

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Расмий жаңылыктар 139

Президент Садыр Жапаров ШКУнун 25 жылдык юбилейлик саммитине жана «ШКУ+» жолугушуусуна катышкан мамлекет башчыларына жана делегацияларга ыраазычылык билдирди.

Ал Бишкекте маанилүү сүйлөшүүлөр өтүп, актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашылганын белгиледи.

«Алдыда биргелешип аткара турган чоң иштер жана маанилүү милдеттер турат», — деди Жапаров.

Мамлекет башчысы Кыргызстанга келип, маанилүү күндөрдү кыргыз эли менен бирге өткөргөнү үчүн конокторго дагы бир ирет ыраазычылык билдирди.

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Расмий жаңылыктар 139
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X